Активисттер Казакстандын элчилигинин алдына Бакиев үчүн ич кийим таштап кетишти

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер «Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн» деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти.

Активисттердин айтымында, алар мурунку президент Курман Бакиевдин казак мамлекеттик «Хабар» телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн даректүү тасмада айткан пикирине каршы болушууда.

«Ал мамлекетти тоногонун тоноп алып, Кыргызстандан эч нерсеси жок кеткенин, керек болсо ич кийимине чейин алдырганын билдирди. Минтип айткандан кантип уялган жок? Чын эле ошондой болсо анда биз ага, анын баласы менен агасына ич кийим менен байпак салып жиберебиз. Бул белекти ага өзүнүн каналы аркылуу көрсөткөн мамлекет жеткирип койсун», — дешти активисттер.

Казакстандын элчилиги митингге эч кандай реакция кылган жок. Ал эми акциянын катышуучулары коробканы дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдына таштап кетишти.

Булак: Спутник