1-декабрга карата аба ырайы

1-декабрда Кыргызстандын аймагында айрым жерлерде жаан жана кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6°.

Булак: Кыргызгидромет