Ошто карусель кулап, төрт адам жабыр тартты

Ош шаарындагы Навои паркында карусель кулап, төрт киши ооруканага түшкєн. Биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Дагы төрт адам биринчи медициналык жардамды алып, үйлөрүнө чыгышкан.

Калаа милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 14-майда кечки саат бештерде болгон. Шаардык Ички иштер башкармалыгы окуяны иликтеп жатат.

 

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициянын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин 142-беренесинин 2-пунктуна (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, техникалык коопсуздукту сактабоо) ылайык кылмыш ишин козгоду. Кулаган каруселди ижарага берген адам жана Навои эс алуу багынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүү, тактоо иштери жүрүп жатат.

One thought on “Ошто карусель кулап, төрт адам жабыр тартты

Комментарии закрыты.