Экс-муфтий экинчи аял алды, жөн эле албастан коомдук талкууга жем таштады

Айида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

Учурда Кыргызстанда эркектердин эки аял алуусуна мыйзам жол бербейт. Бул кылмыш катары бааланып, эгер аялы арыз менен укук коргоо кызматына кайрылса, жоопко тартылат. Мындай берене 1997-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде жазылып, айыпталуучу эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Бирок, бул жазага азырынча эч ким кабыла элек. Тагыраагы, коомдо көп аял алуу фактылары айдан ачык экенине карабастан бул берене иштебейт.

“Байбичем капа болууда”

Диний ишмер, Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак Жалилов коомчулукка экинчи аялга үйлөнгөндүгүн жар салды.

«Ооба,  үйлөнгөнүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун, ал бир аз капа болуп жа-тат. Эми анын капа болгонго, кызганганга укугу бар. Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип жесир калган 30 жаштагы келин. Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем.  Үйлөнгөнгө  ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Мен  баштабасам,  анда  ким баштап берет? Колунан келген эркектер үйлөнсүн деп айтам. Кээ бир учурда биринчи аялдар капа болуп, мени бага албай жатасың дешет. Ырыскы эки адамга да жетет. Биздин  кыздарыбыз  талаалап жүрөт,  ошолорду  көргөндө намыстанабыз. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бардыгы ордуна келет, бул биздин элибиздин салтында бар. Эч кимге жашырган жерим жок, ата-энесинин алдына барып, урматын алып кеттик. Анткени элибизде «калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» деген сөз бар», – дейт Чубак Жалилов.

Бул коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Айрымдары муну мыйзамды сыйлабастык катары сыпатташса, динчилдер кызуу колдоп жатышат.

Ал эми Чубак Жалиловдун мындай видеобилдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору расмий арыз менен кайрылууда. “Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кабыл алынып, иштеп жаткан мыйзамдарды сыйлоого милдеттүү. Эгер билбей туруп мыйзам жоболорун бузса да жоопкерчиликтен бошотулбайт. Эгер ар бир жаран кимдир-бирөө тарабынан мыйзам бузулганын билип туруп аны жашырып койсо жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам бузулгандын жана кылмыш жасалгандын далили катары күбөлөрдүн көрсөтмөсү, далил буюмдар, экспертиза жыйынтыктары жана шектүүнүн өз көрсөтмөсү эсептелет. Бул видеодо Чубак ажы Жалилов өз көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамын билип туруп бузганын мойнуна алып жатат. Ошондой эле ал башка жарандарды да мыйзам бузууга чакырууда» деп жазды өзүнүн Facebook баракчасына “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова.

Укугу чектелген экинчи аял

Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу аракеттери акыркы жылдарда байма-бай көтөрүлүп келе жатат. Көп аял алуу демилгесин алгач 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин ошол кезде юстиция министри болгон Марат Кайыпов көтөрүп, коомчулуктун каршылыгына кабылган болчу.

Мындай  көп  аял  алууну  мый-замдаштыруу демилгесин айрым диний аалымдар колдоп, идеяны сүрөөнгө алып, улам коомчулукка алып чыгып келе жатышат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул маселе боюнча олуттуу деле позициясын билдире элек.

Эки аял алууну демилгелегендер жакыр жана жалгыз бой жашаган аялдарды кароого алып, арам жолго түшүүдөн сактоо экендигин айтышса, айрым парламент депутаттары менен укук коргоочулар  каршы  болуу  менен  эркек  менен аялдын укук-милдети бирдей деген жүйөнү келтиришет. Эгер эки же андан көп аял алуу мыйзамдашса, үй-бүлө очогуна кедергисин тийгизип, балдардын психологиялык жактан жабыркай турганын коомчулуктун басымдуу бөлүгү белгилеп келет. Мындай шарият менен мыйзамдагы  карама-каршылыктарга качан чекит коюлары белгисиз. Азыркы учурда коомчулукта бай жашагандардын  көбүнүн  экинчи  аялы  (токолу) бар экендиги белгилүү жана аларды туурап, айрым эркектер дагы эки аялдын ортосунда калган учурлар да жок эмес.

“Күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болуп колунан келсе, бир аз кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла”, – деген Чубак ажынын сөзүнүн тереңинде эмне жатат? Аялга болгон боор оорубу же зордоп тыюубу? Андыктан, аялдарды ыйлаганга мажбурлай турган, моралдык жактан аялдын психикасына залал келтире турган экинчи аял алуу маселеси курч, көңүлгө ала турган маселе экенин белгилөө менен мамлекет бир чара көрүшү керектигин айта кетели.

Кантип документтештиребиз?

Биринчи аялы менен жашап жатып, экинчи аялга үйлөнүү менен Кыргызстанда нике күбөлүгүн алуу мүмкүн эмес.

Коңшу  Өзбекстан мамлекетинин президенти   Шавкат  Мир-зиёев 15-июнда өлкөнүн бардык аймактарынан келген имамдар жана диний ишмерлердин  катышуусунда  видеоселектордук жыйын өткөрүп, жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы көп аял алуу боюнча пикирин билдирип, экинчи аялдар үчүн нике кыйган имамдар мыйзам алдын-да жооп бере тургандыктарын белгиледи. “Акыркы кездери шарият мыйзамдары менен никеге туруп, экинчи аял алган учурлар өтө көп катталууда. Расмий түрдө катталбастан никеге тургандар баарынан да Ташкентте көп. Экинчи аялдардан мыйзамсыз төрөлгөн балдардын келечеги кандай болот? Урматтуу имамдар, андай балдардын көйгөйлөрүнө силер айыптуу болосуңар”, – деген Мирзиёев никенин расмий катталгандыгы тууралуу күбөлүксүз нике кыйган имамдарга карата атайын жаза каралган мыйзам долбоору иштелип чыга турганын белгиледи. Бул өз убагында кабыл алынган чечим болду деп эсептесек болот. Бизде да ансыз деле саны арбып жаткан мыйзамсыз балдардын дагы көбөйүшүнө шариятка  жамынуу  менен жол ачкандарга катуу тыюу салынса.

67,5% кыргыз жарандары каршы

Жай айларында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды жана жигердүү атуулдарды баш коштурган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы көп аялдуулукту мыйзамдаштырууга байланыштуу социологиялык сурамжылоо уюштурган.

Ага бардык облустардан 738 киши катышып, алардын 67,5%ы көп аялдуулукка уруксат берилишине каршы экенин айтышкан. Ал эми 21,7%ы дин кызматкерлеринин мындай демилгесин колдой турганын айтышканы менен алардын бир бөлүгү өзүнүн кызы, эже-сиңди же карындаштарынын токол катары турмуш куруусун эч колдобой турганын билдиришкен. Сурамжылоого катышкан эркектердин 33, 8%ы, аялдардын 10,8%ы, аймактардан Ош облусунун тургундарынын ичинен 42,9%ы, Таластын 30,8%ы жана Баткендин 31,1%ы сунушка каршы эмес. Көп аял алууга шаардыктарга караганда айыл тургундары терс пикирде (28,8% – 20,8%).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *