БШК: “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калат

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика – Ата-Журт” фракциясы оппозицияда калуу тууралуу чечим кабыл алды.

Бул тууралуу шаардык кеңештеги төрагалык кызматты тапшырып берген аталган фракциянын мүчөсү Канатбек Мүсүралиев кабарлады.

— Биз коалиция тарагандан кийин оппозицияга кетебиз деген чечимге келдик. Бул фракциянын чечими. Ошол себептүү төрагалыкты ээлеп отурганга менин моралдык укугум жок деген позиция болду.

28-ноябрда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициядан Кыргызстан Социал-демократтар фракциясы чыгып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Республика — Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн болчу. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *