Аткаруу бийлиги күчтөндүрүлдү

КР Президентинин аппаратынын укуктуулукту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов менен маек.

– Анарбек Касымович, 1-декабрдан баштап, жаңы Конституциянын беш беренеси күчүнө кирет. Андагы негизги маселелер тууралуу айтып берсеңиз.

– Ал негизинен аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин мындан аркы туруктуу иштешине багытталган. 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн жогорку бийлик бутактарынын ортосунда бир кыйла көйгөйлөр бар болчу. Кыргызстан эли өткөн жылдагы референдумда ошол көйгөйлөрдү четтетүү үчүн добуш беришти.

Өкмөттү Жогорку Кеңеш шайлайт. Өкмөт эң биринчи кезекте өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, элдин социалдык талылуу маселелерин чечип, жөнгө салып турган эң маанилүү мамлекеттик институт. Бирок, 2010-жылдагы Конституцияда Өкмөттүн туруктуу иште-шине тоскоол кылган жагдайлар көп болчу. Кыргыз парламентинде түзүлгөн көпчүлүк коалициялардын улам бири саясий оюндарды чыгарып, тарап кетип, өздөрү менен кошо Өкмөттү дагы кайра-кайра отставкага кетире бериши чоң көйгөйлөр менен коштолго-нун ким танат? Мисалга алсак, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү эки Премьер-министрди отставкага кетиргенин расмий айтып мактанган. Ал го өз “эрдигин” ачык айтып алып, саясаттагы салмагын көрсөткүсү келген. Ал эми башка депутаттар ачык айтпаса да, Өкмөт мүчөлөрүнө өз таасирин көрсөтүп келишкен. Демократиялык принциптерди, парламентаризмди туу туткан мамлекеттерде фракция лидери өзүнө чакан “хандыкты” түзүп алган факт жок. Көпчүлүк коалициядагы фракциялардын депутаттары лидердин көзүн карап, сөзүн кынтыксыз аткарып калуусу мамлекет үчүн зыян. Себеби, айрым лидерлер өзүнүн кайсы бир жеке саясий кызыкчылыгынын орундалбай калганы үчүн коалициядан чыгып, аны таркатуу маселесин көтөрүүнү өнөкөткө айландырып алышкан. Фракцияларда дээрлик коллегиялдуу чечим кабыл алынбай калган. Парламенттеги эки-үч кишиге жакпай калса бүтүндөй Өкмөт таратылууга чейин жетип турду. Ошого карабай конституциялык мыйзамдардын деңгээлинде бул көйгөйдү чечүүгө аракеттер көрүлдү. Ал боюнча фракциянын көпчүлүк коалициядан чыгуусу үчүн фракция мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек эле. Бирок, коалициядан чыгуу чечимине фракциянын лидери кол коюп алып, ошондон кийин гана өзүнүн фракциялаштарын тымызын коркутуу же сүйлөшүп макулдатуу менен көндүрүп жүрүштү. Парламенттеги Өкмөттү түзгөн көпчүлүк коалиция тараган соң, бүтүндөй аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн кошо кризис басып келгени жалганбы? Тактап айтсак, бул парламентаризм системасына көлөкө түшүргөн жоруктар болчу.

– А.Атамбаевдин сөзү менен айт-канда, Кыргызстан инвесторлор үчүн бейиш болушу керек эле. Бүгүн кели-шим түзүп, кол алышкан Өкмөт эртеси күнү тарап кетип жатса инвестордун келиши кыйындайт да…

– Туура айтасыз, инвесторду колдогон, ишин жеңилдеткен кандай мыкты мыйзамдар кабыл алынбасын, бир жылга жетпейтарап кетип турган Өкмөткө эч ким ишеним артпайт. Ушундан улам бийлик органдарындагы мындай баш аламандыкты четтетип, натыйжалуу иштеши үчүн конституциянын айрым беренелерин кайра өзгөртүүгө барганбыз. Фракциянын лидерин “ханга” айлантпоо үчүн баш мыйзамдын 70-беренесине фракция кабыл алган чечимге анын ар бир мүчөсү кол коюшу жана ушул тартипте гана көпчүлүк коалиция таратылууга тийиш болгон талап киргизилди. Муну менен фракциянын коллегиалдуулугу мыйзам аркылуу камсыздалынып калды. Ал эми аткаруу бийлигинин туруктуу иштешине абдан жакшы шарт түзүп бердик. Алар мурдагыдай “баары бир эртең таратып жиберишет”, – деген санаа чегүүдөн арылды. Айрым таза эмес чи-новниктер “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин”, – деп, сол чөнтөгүн ойлоп, коррупцияга себеп болуучу психологиядан алыс боло баштайт. Өкмөттүн тарап кетүү коркунучу кара тумандай төбөдө айланып турса, министрлер кабинетинин мүчөлөрү өзү башкарган тармакты өнүктүрүүнү жарым жыл, бир жылдан аркы мөөнөткө пландаштыра албайт. Кадрдык баш аламандык мамлекеттик программаларды ишке ашырууга өтө тоскоолдук кылганын көрдүк.

Конституциялык  жаңы  мыйзамда Премьер-министр  менен  Биринчи-вице-премьер-министр парламенттеги депутаттык мандатын сактап калуу нормасы киргизилди. Бул биринчиден, Премьер-министрдин өз алдына орчундуу милдеттерди коюп, жоопкерчиликти моюндап, ишенимдүү иштөөсү үчүн моралдык колдоо. Узак мөөнөттүү программаларды кабыл алып, аларды тартынбай аткарууга жол ачат. А бизде буга чейин экономиканы мыкты өздөштүргөн премьер-министрлердин бир тобуна саясий популисттер кысым көрсөтүштү. Анын кесепетинен бүтүндөй министрлер кабинети отставкага кетип жатышты. Андан чарбалык, инвестициялык маселелер өксүдү. Кечээ эле Өкмөттү башкарып жаткан Премьер-министрлердин бир тобу дээрлик көчөдө калышты. Алардын кайда жүргөнүнө эч ким кызыкпай койду. А чынында жетектөөчү кадрларды өстүрүүгө, тажрыйбасын арттырууга узак жылдар талап кылынары анык эмеспи.

Өкмөттүн туруктуу иштеши тууралуу мын-дай мыйзамды биз асмандан алган жокпуз. Өнүккөн парламенттик өлкөлөрдүн тажрый-басына таяндык. Бул Германияда, Улуу Британияда ж.б. мамлекеттерде бар.

1-декабрдан баштап күчүнө кире турган конституциялык мыйзамдар ушундай бир топ көйгөйлөрдөн арылтат. Парламенттеги фракциялардын иши турукташып, саясий партиялардын партиялык түзүлүштөрү бекемделүүсүнө жол ачылат. Бүгүнкү күндө башкаруу  коалициясынын  туруктуу  иштешине Жогорку Кеңештин төрагасынын жоопкерчилиги дагы күчөтүлдү.

Өткөн жылдагы референдумдун натыйжасы эми тагыраак, ылдамыраак сезиле баштайт деген ойду айтып жатасыз го?

–  Ооба,  буюрса,  баш  мыйзамдын  81, 87-беренелери эми натыйжалуу иштей башташы керек. Премьер-министрге абдан чоң мүмкүнчүлүк берилди. Өкмөт – бирдиктүү команда менен иштеген коллегиалдуу орган. Алардын стратегиялык багыты, алган курсу, көз карашы бирдей болушу кажет. Эми Премьер-министр ишинде кемчилик кетирген, тапшырмасын аткара албаган жетекчини кызматтан алып салууга укук алды. А чынында кызматка алууга караганда, кызматтан кетирүүгө ыйгарым укугу бар жетекчинин бийлиги күчтүү эмеспи. Мындан ары парламенттин көзүн карап отурбай, кадр маселесин Өкмөт башчысы өзү чече баштайт. Тартип катуу коюлуп, аткаруу бийлиги күчтөнөт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

 

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов менен маек

– Шерадил мырза, 2016-жыл-дагы соңку референдум аркылуу Конституцияга бир катар өзгөртүүлөр, алымча-кошумчалар кирбедиби. Анын айрым беренелери 2017-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирмек. Ушул маселеге мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт катары түшүндүрмө берип кетсеңиз.

–  2016-жылдагы  референдумга ылайык,  жалпысынан  26  беренеде өзгөртүүлөр болуп, анын көбү 2017-жыл-дын 15-январынан күчүнө кирген. Мындан Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ыйгарым  укуктарына  байланышкан  5 беренеси  2017-жылдын  1-декабрынан күчүнө кирүүгө тийиш.

– Алар кайсы беренелер?

– Булар КР Конституциясынын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери.

– Мунун кайсы беренелери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү?

–  70,  72,  75-беренелер.  Өзүңөр билесиңер, парламенттеги фракциялардын өз ара ыркы келишпегендигинен улам, парламенттеги көпчүлүк коалиция бат-бат эле тарап, кайра түзүлүп, анын өзү парламенттин ишмердигине тескери таасирин тийгизген учурлар болбоду беле. Ошондон улам, Конституциянын 70-беренесине: “Парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгуу үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт” деген өзгөртүү киргизилген. Бул өзгөртүүгө ылайык, мурдагыга караганда, азыр коалициядан чыгуу кыйындады. Демек, мунун өзү парламенттин ишин турукташтырат деген ишеним бар.

Ошондой  эле,  дагы  бир  орчундуу өзгөртүү  Конституциянын  72-беренесинин  3-бөлүгүнө  киргизилген.  Бул өзгөртүүгө ылайык: “Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же бирин-чи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогор-ку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат  ордуна  дайындалган  депутаттын  башка  ыйгарым  укуктарын  ишке  ашыруунун  жана  чектөөнүн  тартиби  жана  шарттары  мыйзамдар  менен аныкталат.

Премьер-министрдин  же  биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордундагы Жогорку Кеңештин депутатынын аталган кызматтан кетүүсү, бошотулушу жана милдеттерине аткарууну токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө алып келет”.

– Ооба, депутаттар Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна кеткен учурда депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык  жыйындарында  добуш берүү укугун сактоо жөнүндө да көп талаш-тартыштар болуп келбеди беле.

– Менимче, бул да орчундуу өзгөртүү. Анткени, муну менен Өкмөт да күчтөнөт. Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңештин да жоопкерчилиги артат жана бийлик бутактары тең салмакташат.

– 75-берене тууралуу эмне деп айтасыз?

– Бул өзгөртүүдө: “Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк макамын жоготуусу Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тастыктоо зарылдыгын жаратат” делет. Мындай өзгөртүүнүн киргизилиши да мыйзам ченемдүү нерсе. Жогорку Кеңештин ишмердиги жана фракциялардын ортосундагы ынтымак, биримдик төраганын ишмердиги  менен  байланышкан  эмеспи. Демек, бул өзгөртүү төрага фракциялар ортосунда данакер болушу керектигин көрсөтөт.

– Эми Өкмөттүн ыйгарым укуктары менен байланышкан беренелер тууралуу айтсаңыз?

– Өкмөттүн ыйгарым укуктары менен байланышкан өзгөртүүлөр 81- жана 87-бе-ренелерге киргизилген. Айталы, 81-бере-неде:  “Республикалык  бюджет,  салыктар жөнүндө мыйзамдар, Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурларынан тышкары, милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат” деген жобо кирген. Мурда өзүңөр билгендей, Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алса, ал өтүп кете берчү. Өкмөттө вето укугу жок болчу. Ошон-дон улам, 2011-жылдары бир катар популист-тик мыйзамдар кабыл алынып кеткен жана ал мыйзамдардын кабыл алынышы республиканын бюджетине тескери таасирин тийгизген.

Демек, мунун өзү Өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейди деген кеп. 87-беренеге кирги-зилген: “Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция  лидерлери  менен  кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу” деген өзгөртүү да Өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейткен өзгөртүү экенин белгилеп коюуга тийишпиз.

Дегеле, бул 1-декабрдан күчүнө кире турган беш беренеден кийин мамлекеттик башкаруу системасы башкача иштеп калат. Өкмөт мурдагыдай президенттен жана парламентте-ги фракциялардан көз каранды болбой, Өкмөт мүчөлөрүн өз алдынча алмаштыра алат, республиканын бюджети менен байланышкан өз алдынча чечимдерди да кабыл алганга, мый-замдарга вето койгонго укуктуу болуп калат. Бир сөз айтканда, Өкмөттүн ыйгарым укуктарынын кеңейиши менен, Жогорку Кеңештин да жоопкерчиликтери жогорулайт. Фракциялар арасындагы мамилелер да турукташат. Буюрса, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн жаңыча көз караштар менен жаңыча иштей баштайбыз деп үмүт бар.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *