Прокуратура Жалиловдун экинчи аял тууралуу айткандарын текшерет

Мурдагы муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун экинчи аял алуу тууралуу чакырыгын прокуратура органдары текшерет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов кабарлады.

— Арыз түшкөн, учурда кароодо. Текшерүү жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

“Кылым шамы” адам укуктарын коргоо уюму Чубак Жалиловдун экинчи аял тууралуу видео билдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылуу-арызын 28-ноябрда тапшырган. Арызда видео кайрылууда айтылган фактыларды иликтөө, ал далилденсе прокурордук чара көрүү, укуктук баа берип, мыйзамдуу чечим кабыл алуу тууралуу өтүнүч камтылган.

Жалилов тартылган видеодо ал: «Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм» деп жарыялаган. Анын бул айткандарына Жогорку Кеңештин айрым аял депутаттары реакция жасап, баа берүүнү талап кылышты.

Чубак ажы никесин өзү кыйып берген көптөгөн белгилүү адамдардын аты-жөнүн санап айтып бере аларын «Кабарлар» порталы менен болгон маегинде билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: Азаттык