Отунбаева Кытайда Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышты

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кытайда 28-29-ноябрь күндөрү Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышты.

«Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, Европа биримдигинин мурдагы президенти Романо Проди да келди.

Катышуучулар менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жолукканын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Жыйында дүйнөлүк саясаттагы улутчулдук, популизм маселеси талкууланды.

Роза Отунбаева БУУнун жогорку деңгээлдеги медитация тобунун мүчөсү катары уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен телекөпүрөгө да катышты. Анда БУУ баш катчысы Антонио Гуттериш менен 18 адамдан турган топ чыр-чатактарды азайтуу маселесинде сүйлөшүштү.

Мадрид клубу экс-президент жана өкмөт башчылардын коммерциялык эмес уюму. Ага 56 өлкөнүн өкүлү мүчө. Клуб демократиялык жараяндарга, чатактарды чечүүгө, техникалык кеңеш берүүгө ыкташкан.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *