Казак бийлиги неге мынча карайлады?

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»


Сүрөттө: «Миссия миротворца. Кыргызский разлом» документалдуу тасмасындагы кадр

Сын такканды жөн коюп,
Сактансаңар жарашат.
Анткени кыргызды баскан,
Сур булут
Кылкылдап казакты көздөй, ээй баратат – деп Аалы акыныбыз мындан жети жыл мурун жеткире ырдаган эле. Албетте коңшуңдун тынч болгону, өнүгүп өсүп жатканы эң ириде бизге да керек. Бирок Казакстандагы учурдагы саясий абал анчейин эместей. Казак боордошторубуздун каны кайнап, учурда өз бийлигине нааразычылыгы күчтүү болуп турат. Буга тышкы дагы, ички дагы себептер жетиштүү. Мунайдын үстүндө туруп, бензин, солярканын бир литри биздин сом менен эсептегенде 100 сомго жакындап калыптыр. Азык-түлүктүн баасы дагы асмандап, уй этинин бир килограммы эле 2000 тенге же 500 сомго барганын казак сайттары жазып чыгышты.

Экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине айткан ачуу сөзүнө чычалап, чек арасын жаап алгандан бери Казакстандын түштүк облустарындагы азык-түлүккө болгон баа мындан да кымбаттаганын  мамлекеттик маалымдоо каражаттары да моюнга алууга аргасыз болууда. Көмүрдүн запасы боюнча дагы дүйнөдө алдыңкы өлкө саналган Казакстан учурда көмүр тартыштыгын башынан кечирүүдө. Эмнеге мындай болуп жатканын биз эмес, казактар өздөрү түшүнө албай, болгон ачуусун интернеттеги социалдык баракчаларынан чыгарып, жиндери чындап кашайып турат. Жок болсо бир жөн эле, колунда турган мунайды, көмүрдү элинен эмнеге аяшат? Бул жагы чынында түшүнүксүз.

“Койдон жоош” коңшу керек эле

Казактардын  ичин  күйгүзгөнү  ички маселе эле эмес. Былтыртан бери жаңы президенттүү болгон Өзбекстан дагы өз жолун таап, жаңы дем, жаңы күч менен жаңылануунун үстүндө. Дагы бир кошунасы болгон биз, Кыргызстан дагы демократиялык жолду тандап алып, кечээ жакында эле жаңы Президент ишке киришти. Баарынан дагы ушул жагы карапайым казак боордошторубузга шык берип, олигархиялык казак бийлигинин айласын кетирип турган чагы. 2010-жылдан бери казак бийлиги өз элине «революциянын арты жакшылык менен бүтпөйт. Көрөсүңөр го, Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетет, жакырчылыктын түбүнө түшөт» – деп эртеден кечке какшап келишкен.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы Апрель окуясы боюнча сөз болгондо эле Вюктор Гюгонун «Революция порождает нищету — нищета порождает революцию» деген сөзүн кайра-кайра кайталап, эң сүйүктүү учкул сөзүнө айланткан. Бирок биздин бактыбызга жараша жыйынтыгы андай болбой, тескерисинче Кыргызстан 2010-жылдан бери мамлекет катары мурдагыдан да бекемделип, саясий туруктуулук өкүм сүрдү. Экономикалык жактан дагы алгылыктуу иштер жасалып, казак бийлиги күткөндөй биз мүңкүрөгөн жокпуз. Казакстандын интернет булактарындагы, социалдык түйүндөрүндөгү жөнөкөй казак элинин пикирлерине ошол 2010 – жылдан бери зор кызыгуу менен байкоо жүргүзүп к-лем. 7-апрель окуясынан кийин «Нагыз эр жүрөк эл. Эркиндикти баалаган, түшүнгөн калк. Өз элине кас болгон эки президентти кубалап салышты, азаматсыңар» деген сыяктуу позитивдүү пикирлер менен кошо «тынчы жок, тополоңчул эл. Буларга мамлекеттин эмне кереги бар? Чек арабызды жылчык калтырбай жаап, булардан алыс болушубуз керек» – деген негативдүү ойлор теңме-тең айтылып келген. Убакыттын өтүшү, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр менен казак интернет колдонуучуларынын пикиринде кыргыз бийлигин көбүрөөк колдогон маанай күч алды. Дүйнөлүк кризис каптап, доллардын баасы өсүп, тенге 4-5 эсе тескери кеткенде, кыргыз сому анчейин кунун жоготпой, “былк” этпей турду го. Ошондо  дагы  боордошторубуз  кыргыз экономикасына баа берип, Казакстанды каптаган сапаттуу кыргыз кийимдерин, өнүгүү жолундагы өлкөбүздүн жеңил өнөр жайын, казактардын соода борборлорун ээлеп алган эң таттуу сүт азыктарыбызды мактап жатышты. Өзгөчө былтыркы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында “ушуну биз өткөрбөйт белек, каяктагы ЭКСПОго деп миллиардаган долларды коротуп жатышат, мына кыргыз бийлиги болбогон эле акчага дүйнөгө дүң болду” – деп бизге болгон суктануусун жашырышкан эмес.

Эркиндигибизге чекит койгусу келгендердин өздөрүн ордуна койду

Казак бийлиги өз элин канчалык кай-рабасын, эки революцияны башынан кечирген  кыргыз  элине  катардагы  казак элинин ою түз болду. Өз оюн эркин айта алган кыргызстандыктарга чын жүрөгүнөн кубанып, “бизге дагы жугуштуу болсун” деп ачык эле кубаттап, колдоого алышты. Жанындагы мындай демократия, эркиндик казак бийлигинин, аны жандаган казак олигархтарынын түн уйкусун бузуп, санаасын санга бөлүп турду. 15-октябрда өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоодо өз адамын коюп, мындай “ээнбаш-тыкка” олчойгон чекит койгусу келди эле, мурдагы башчыбыз Алмазбек Атамбаев өздөрүн ордуна койду. Алмазбек Атам-баевдин 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзү назарбаевчилерди безге сайгандай чочутту, миллиондогон казактарды ойготту. “БАСЕ” деп аталган казакстандык бир эле маалымат булагынан Атамбаевдин ошол тасмасын 2 551 895 адам көрүп, астындагы 7 516 комментарийдин дээрлик бардыгы мурдагы Президент толук колдоого алды. Бул бир эле маалымат булагындагы элдин пикири. Атамбаевдин ошол тарыхий сөзүн“БАСЕ” өңдүү жүздөгөн сайттар жарыяла-ды. Ушул сыяктуу миңдеген пикирлер жа-зылды. Миллиондогон эл көрдү. Назарбаев көнгөн адаты менен Кыргызстанга кыр көрсөтөм деп татыктуу жообун гана албастан, чейрек кылымдан бери чыдап келген өз элин ойготуп алды. Айтор Казакстанда бүгүн абал анча эмес. Казактардын өз бийлигине болгон нааразычылыгы болуп көрбөгөндөй күч алууда. “Элбасынын” айласы такыр эле кетип калганбы, үй бүлөлүк “Хабар” теле каналы аркылуу 2-3 күн мурун “Миссия миротворца. Кыргызский разлом” деген аталыштагы даректүү тасмасын тартуулады. Анда кыйраткан деле эч нерсе жок экен. Канкор Бакиевди таап келип, маек алышыптыр. Баягы эле 7 жылдан бери сайрап келген сөздөрүн айтышыптыр. Революция эмес, төңкөрүш болгондугун, элдин мындай толкундоолору жакшылыкка алып барбасын, арты туңгуюк экенин баяндашыптыр. Албеттереволюция дейбизби, төңкөрүш дейбизби жакшылыкка алып барбашы турган иш. Бирок авторитардык бийлик, элдин канын митедей соргон үй бүлөлүк, кландык башкаруу дагы жакшылыкка алып барбайт. Бул даректүү тасма кыргыз элине эмес, көбүрөөк өз элине, казакстандыктарга арналгандай. Ошол оор күндөрдү кыргыз эли баатырдык, даанышмандык жана сабырдуулук менен жеңгенин, бүгүн таптакыр башка мамлекет куруп жатканын казактар эң сонун көрүп, билип турат. Кечиккен тасма баары бир каарданган казактарды токтото албайт го. Боордош казак өлкөсүндө ылайым тынчтык болсун. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетип эл калат” дейт, эң негизгиси эки элдин ынтымагы ыдырабасын.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *