4-декабрга карата аба ырайы

3-4-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы 198-246 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 3-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14;

4-декабрда Бишкекте мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° суук болушу күтүлөт.

Булак: Кыргызгидромет