«Укуктары бузулган кыздардын жолу» деп аталган акция өтөт

Бишкекте 5-декабрда Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы аянтка белгиленген акцияда өспүрүм курагында күйөөгө берилген, билим алуу укугунан ажыраган, билимин жогорулатуу, өзүн өнүктүрүү тандоосуна ээ болбой калган кыздар менен жолугушуу болот. Алар тагдырлары жөнүндө айтып беришет.

Акциянын жүрүшүндө демилгечилер, өспүрүм кыздардын никеге туруусуна каршы маалыматтарды, ошондой эле аларга нике кыйган диний кызматкерлердин, ата-энелердин кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө маалыматтарды таратышат.

Ушундай эле иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Нарын, Талас, Чолпон-Ата шаарларында, Алай районунда да өткөрүлөт. Аны Кыргызстандагы Кризистик борборлор бирлиги уюштурууда.

Булак: Азаттык