Кыргыз-казак чек арасында кезек күтүү азайды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен 55 жүк ташуучу унаа турат. Кезек жакынкы аралыкта толугу менен жоюлары күтүлүүдө.

“Ал эми башка өткөрмө бекеттерге унаалардын жана адамдардын кезек күтүүлөрү жок”, — деди Абдыкариева.

Чек ара кызматынын маалыматында, 3-декабрдан тарта казак тарап унааларды өткөрүүнү тездеткен.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл 10-октябрда күчөтүлгөн. Астана буга кыргыз бажысындагы аткезчилик себеп десе, кыргыз өкмөтү аны четке каккан. Бирок көзөмөлдү күчөтүүнүн себеби катары экс-президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин дарегине жолдогон сыны айтылып келген.

Булак: Азаттык