Казакстандык Димаш Кытайда жылдын ырчысы аталды

Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген Кытайдын IQIYI awards сыйлык тапшыруу аземинде жылдын мыкты ырчысы аталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Музыкант өзүнүн Instagram баракчасына сыйлык тапшыруу учурундагы видеону жүктөп, аны колдогон адамдарга ыраазычылыгын билдирген.

«Кыялдар орундалат экен! Мен IQIYI awards сыйлыгында жылдын мыкты ырчысы деп тандалдым. Мага колдоо көрсөткөн күйөрмандарыма, жердештериме жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Сиздерди жакшы көрөм» — деп жазган ал.

Ырчы мындан ары да талыкпай иштей турганын кошумчалап кеткен.

«Бул мен үчүн чоң сыйлык. Азыр жашмын, дагы көптү үйрөнүп, көп нерсеге жетишишим керек. Мага ишенип, колдоп бул сыйлыкты тапшырып жатканыңыздарга рахмат», — деди казак ырчысы.

Буга чейин Димаш аткарган Moonlight over the sea композициясы Hollywood Music In Media Awards сынагында «Мыкты оригиналдуу ыр» деп тандалган.

Ошондой эле ал ASIA NEW SONG эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү. Август айында Гонконгдогу Golden melody awards муызкалык сыйлык тапшыруу аземинде «Жылдын мыкты ырчысы» номинациясын жеңген.

Булак: Спутник