Талас облусунун башчылыгына Марат Мураталиев дайындалды

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Мураталиевди эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. Ал вице-премьерлик кызматка 25-октябрда дайындалгандан бери анын орду бош турган.

Булак: Спутник