«Манас» жана «Ош» аэропорттору кандай иштеп жатат

Аба ырайына байланыштуу учактарды кабыл албай жаткан «Ош» аэропорту кайрадан штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине «Ош» эл аралык аэропортунун диспетчер бөлүмүнөн билдиришти.

«Бүгүн Бишкек — Ош каттамы менен саат 9.10 жана 9.30да уча турган эки учак Оштогу аба ырайынын шарттарына байланыштуу кармалып турду. Ал эми эртең менен Иркуткс — Ош каттамы менен келе жаткан учак Ошко коно албай, Бишкекке конууга аргасыз болду. Бирок ал дагы жарым саат мурда Ошко келди», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ушул тапта Оштон уча турган аба кемелерине жүргүнчүлөрдү отургузуу башталып жатканы кошумчаланды.

Ал эми «Манас» эл аралык аба майданынын ишинде тоскоолдуктар жаралган жок.

Булак: Спутник