Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

“Зумурат?!” – жан дүйнөсүндө бир катуу чаңырып алып, жаткан жеринен тез тура калды да, таш кулаган тарапка кулак түрүп, эми түз эле келген жагын карай дикилдеп кетип баратты. Кубангандан кыңылдап ыйлап, бир чети Күнайымдын элесин унутуп калгандай, бир чети аны табалап кетип барат-кандай ишенимдүү да, бактылуу да:

– Зумура-ат?! – деп жыгылып-туруп, этинин ооруганын деле сезбей кетип баратты кыз.

***

Кум-шагыл  менен  куюлуп,  кээ  бир жерде  томпулдаган  таштар  менен тең жарышып кулап, канчалык жерге жеңил түшкөнгө аракет кылганы менен ага-буга урунуп отуруп жеткен Зумурат тээ бир топ-то барып эсине келди. Үстүнөн басып калган кум-шагылдын арасынан адегенде эки колун чыгарып, андан кийин өзү суурулуп чыкты.

Бу жерге келгенден бери эле канча жолу аскадан ушинтип агылып түшө бергенинин пайдасы тийип, мындай каттамга машыгып, ык алып калганын сезди.

Үстү-башын күбүп, ички чөнтөгүнө колун сойлотуп, кичинекей түйүнчөк алып чыкты. “Апамдын бетаарчысы…” – деп түйүнчөктү шорулдата жыттады. Ошол түйүнчөктүн ичинде андан да баалуу нерсе бардай анан жүзү тамылжып, эринине тийгизди да, кайра койнуна сала коюп, кыздарды карай ашыкты.

Бурчтан имериле берип эле этек-жеңин делбектетип келе жаткан Дүрайымды көрдү. Бул көрүнүш ага адат болуп, атүгүл ар дайым анын жолунан чыгышын күтүп да калган. Анткен менен Зумурат ар бир жолу өзүн утурлай чуркаган кыздын арт жагынан Күнайымды издечү. “Балким Күнайым да келе жатпасын?” – деген үмүт анын көкүрөк-көңүлүн кыты-гылап, кээде ошого ишенип, жүрөгү алып учуп кетер эле. “Анда мен кандай бактылуу болмокмун…” – дечү. Бирок умсунуп калчу. Көкүрөгүнө келип кулачудай, кубанып келе жаткан кыздан обочороок токтоп, кайпактапкетчү. Жанында келе жатканда да аралыкты сактап, алысыраак же болбосо кыздан кийин басканга аракет кыла берер эле. “Кокус Күнайым көрүп калса, алда кандай ойлоп калбасын. Өзүмдөн ого бетер алыстатып албайын”, – деп чочулаганы эле анысы. “балким Күнайым менин сезимимди ушинтип, курбусу аркылуу сынап жатпасын?” – деген да ой келип кетчү.

“Күнайым  кайда?”  –  унчугушпай  келе жатып, биринчи сураганы эле ушул болчу анда. Адегенде анчалык байкачу эмес, бара-бара Дүрайымдын үнүнөн, жообунан тымызын кызганыч, курбусуна карата болгон ичи тардык, жек көрүү ачык эле байкалчу болгон. Соңку убактарда жооп бербей да койчу. Эми да эки асканын ортосундагы жалгыз аяк жолдо жыгылып-туруп, чуркап келе жатат кыз. Бу жолу да жалгыз. Бир чети өзүн тосуп, күткөн бирөө-жарымдын бар экенине ичи жылыса, бир чети оюнда: “Күнайым кантип калды экен? Аны анча алыска жалгыз таштап, тоспой эле койсо болмок”, – деп алды.

Бирок жакындап келген кыздын жүзүнө бүшүркөй караган жигиттин жүрөгү мыкчыла түштү да, адатынча токтоп калды. Дүрайым да жигитке жетип жетпей чалынып, көмкөрөсүнөн жыгылды. Болгондо да бутун кучактап кулаган кыздын бул түрү кандайдыр жагымсыздыктын жышаанындай, жигиттин өңү томсоруп, көздөрү чыбыр-чыктап кетти. Эңкейип, кызды колтугунан сүйөдү. Чуркап келгенге күйүгүп, бир жагынан Зумуратты тапканына сүйүнүп, дагы бир жа-гынан ага болгон окуяны кантип айтышты билбей көздөрүн ала качып, тескери карады кыз.

– Дүрайым?! – кызды эки ийнинен кар-мап, акырын силкилдетти жигит. – Эмне болду? Мени карачы? – деди жигит.

Кыздын жашылданган көздөрү жигитти жалооруй тиктеди.

– Баары жакшыбы? – деди жигит.

Кыз башын ийкеди. Ушул ирмемдин, ушул караштын узакка созулушун каалагандыктан, ушул бакытты жоготуп алуудан коркконунан ушинтти кыз.

– Өх-х! – деген жигит санаасы тынчыгандай кызды бооруна кучактады. – Коркуп кеткенимчи…

Жигиттин карылуу колдору, тер жыттанган илеби, дүкүлдөп соккон жүрөгү – мунун баары Дүрайымдын канчадан берки ку-салыгы эле. Убакыттын жылбай, баарынын ушул боюнча сакталып, катып калуусун каалап кетти кыз.

–  Эмне  болду?  Ыйлап  жатасыңбы? –  деди  жигит  кыздын  чачынан  сылап.  – Корктуңарбы?

Башын ийкеди кыз. Ээгин көтөрүп, жигиттин жүзүнө, көздөрүнө кусалуу карап шыбырады:

– Корктум… Келбей калабы деп… Мен сени жоготуудан ушунчалык корком.

Жигит жылмайган болду.

– Мен да корком, – деди анан улутунуп. – Мен да силерди жоготуудан корком….

– Мен дайым жаныңда болгум келет.

– Мен дагы. Кудай буюрса, бу жерден аман-эсен алып чыгып кетсек… Сен менин эң жакын карындашым, бир тууганым болосуң…

Ушул кезде жигиттин көздөрүнөн кыз: “Ал эми Күнайым болсо, өмүрлүк жарым болот”,  –  деген  баео  ишенимди,  үмүттү түшүндү. Дүрайым колун жигиттин мойнуна ороп, эчкирип ыйлап жиберди.

–  Кой,  ыйлаба.  Баары  жакшы  болот. Ал үчүн ар бирибиз күчтүү болушубуз керек. Бирге аракеттенүүбүз керек. Жүрү, баралы. Кеч кирип баратат. Жолдон суу ала кетели.

Ушундан көп өтпөй эле төөнүн көзүндөй болгон булакка кочушун тосо коюп, шорулдата жутуп, андан соң бети-колун жуунуп жаткан жигитти карап, ойго тунуп отурду кыз. “Ооба, – деди ичинде. – Жаман оюңда Күнайымга жуунуп, жасанып барайын деп жатасың. Канчалык жүрөгүмдү, сүйүүмдү жолуңа ак жарык кылып төшөп, ар бир жолу сен кеткен сайын аман-эсендигиңди Кудайдан суранып, жолуңдан тосуп жүрсөм да мага сыртыңды саласың. Эми сага чала болот!

“Бир тууган карындашым…” дейт тура! Менин сага бир тууганың эмес, сүйүктүү аялзатың болгум келерин кантип билбейсиң? Билесиң! Бирок…”

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *