Баласын ичке тепкен ата №1 тергөө абагына эки айга камалды

Бишкекте жыгылган баласын ичке тепкен киши №1 тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим Октябрь райондук соту тарабынан 4-декабрь күнү кечинде чыккан.

“Жабырлануучу баланын атасы тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына киргизилди. Эгер күнөөсү далилденсе беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Ал арада жабыркаган баланын апасы күйөөсүн аталык укуктан ажыратууну сурап, бирок аны абакта калтырууга каршы болгон. Аял социалдык жактан коргоо кызматкерлерине күйөөсүнүн «адатта эч кимге жаман айтпагандыгын, ал тургай ичпей, чекпей тургандыгын» айткан. Бала учурда энеси менен ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Кийинчерээк дал ошол кишинин Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп, эмгектенери белгилүү болуп ал кызматтан алынары маалымдалган.

Булак: Спутник