Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фура жок

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктуларында кезек күткөн фуралар жок экенин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чүй облусундагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунда 40тай машина турат. Бирок алар чек арадан өтпөйт. Калган өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштеп жатат.

Буга чейин чек арада чогулган машиналардын бир топ суюлганы маалымдалган.

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта кыйындай баштаган. Көзөмөл өткөрүү пунктуларынан өткөн жүк ташуучу унаалар жана жүргүнчүлөр тыкыр көзөмөлгө алынып, Астана бул кадамды чек арадан өтүп жаткан аткезчиликтин алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирген. КР премьер-министри Сапар Исаков баштаган атайын топ Казакстанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү менен абал жакшырган эмес.

Кийин Минск шаарында өткөн ЖККУнун кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, чек арадагы абал жакын арада жөнгө салынарын билдиришкен.

Жыйындан кайтып келгенден кийин Жээнбеков вице-пермьер Толкунбек Абдыгуловго Астанага барып «жол картасын» тийиштүү министрликтер менен талкуулап келүүнү тапшырган. Жыйынтыгында тараптар келишимге кол коюшкан. КР өкмөтү 3-декабрдан тарта чек ара бекеттери кадимки тартипте иштеп баштарын билдирген.

Булак: Спутник