Ошто медициналык окуу жайдын студенти ур-токмоктон каза болду

5-декабрга караган түнү Ош шаарындагы медициналык окуу жайда 1-курста окуган студент ур-токмоктон ооруканада каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирип, маалыматты шаар милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда шаардагы өлүкканадан 17 жаштагы жигиттин сөөгүн жакындары алып кетишкен. 17 жаштагы студент калаадагы медициналык окуу жайдын фармацевтика бөлүмүндө окуп жаткан.

Окуя болгон күнү ал белгисиз адамдар тарабынан сабалып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан ошол жакта көз жумган.

Милиция 17 жаштагы студенттин өлүмүнө шектүү катары 6 жигит кармалганын билдирди. Алардын бири өз көрсөтмөсүндө каза болгон студент мас абалда келип, аларга тийишкендиктен ортодо пикир келишпестик жаралганын айткан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: Спутник