Жээнбеков: укук коргоо, сот жана күч органдарына нааразычылык күч

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жолдубаева өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн жасалып жаткан иштер боюнча кабардар кылып, башкы прокурор прокуратура органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Жээнбеков өз кезегинде күч түзүмдөрүнүн жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери боюнча коомчулукта нааразычылыктар бар экенин белгиледи.

«Прокуратура мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык аракеттерге каршы тынымсыз иш алып баруусу керек. Мыйзамдуулуктун башында туруп коомдун укуктук тартибин сакташы керек», — деди ал.

Президент прокуратура паракорчулукка каршы күрөшүүдө мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөшү зарыл экенин кошумчалады.

Булак: Спутник