Ошто студенттин өлүмүнө байланыштуу алты киши кармалды

Ош шаарында мушташтын айынан каза болгон студенттин өлүмүнө байланыштуу алты жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Кармалган балдардын экөө эч жерде окуп, иштебейт, тѳртѳѳ Ош технологиялык университетинин студенттери. Алар 15, 16, 18 жана 25 жашта.

Ал эми каза болгон студент Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, Оштогу окуу жайлардын биринде 1-курста окуган Дѳѳлѳтбек Саатбек уулу болуп чыкты.

Кармалган жигиттердин кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда Саатбек уулу мас абалында келип аларга жаңжал салып, андан соң тигилер аны токмоктоп салышкан. Чатактан улам Дѳѳлѳтбек Саатбек уулу каза болгон. Окуя 3-декабрь күнү Ош шаарынын Насирдин Исанов кѳчѳсүндө болгон.

Студенттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *