6-декабрга карата аба ырайы

6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;​

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;​

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

6-декабрда Бишкекте мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3- 8 метрди түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болот.

Булак: Кыргызгидромет