Парламент Шадиевдин талапкерлигин биринчи вице-премьерликке колдоду

Жогорку Кеңеш биринчи вице-премьер-министрлик кызматка парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуштады.

Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып өкмөт башчы Исаков Шадиевдин талапкерлиги Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелерине ылайык көрсөтүлүп жатканын айтты.

Баш мыйзамдын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, анын депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон.

Булак: Азаттык