Ошто студенттин өлүмүнө шектелген 6 бала эки айга камакка алынды

Ош шаардык соту студенттин өлүмүнө шектелип кармалган алты баланы тергөө иштери бүткөнгө чейин эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 5-декабрга караган түнү ОшМУнун медициналык колледжинде 1-курста окуган студент ур-токмоктон жаракат калып каза болгон. Милиция 17 жаштагы студенттин өлүмүнө шектүү катары 6 бала кармалганын билдирген. Алардын бири өз көрсөтмөсүндө каза болгон студент мас болуп келип, аларга тийишкендиктен ортодо пикир келишпестик жаралганын айткан.

«Шаардык сот 5-декабрда студенттин өлүмүнө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, эки ай камакта кармоо чечимин чыгарды. Алар жакынкы күндөрү №5 тергөө абагына которулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, шектүү катары кармалган жигиттердин экөө жумушсуз, төртөө Ош технологиялык университетинин студенттери болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 6-декабрь күнү, өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Даркум айылында жерге берилет.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: Спутник