Кыргызстандыктар эми Сербияда 90 күнгө чейин жүрө алышат

Кыргызстан Сербия менен эки тараптуу визалардан баш тартуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга расмий сапар менен барып, мамлекет башчысы менен жолукту.
Кол коюлган келишимге ылайык, кыргызстандыктар Сербияда 90 күнгө чейин жүрө алышат. Ушундай эле укук сербиялыктарга берилет. Эми документ ратификациядан өтүшү керек.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланган. Кыргызстан тарап эки мамлекеттин тышкы иштер министрлигинин өз ара кызматташуусу боюнча сунуш киргизген. Андан сырткары айыл чарбасы, азык-түлүк жана кайра иштетүүчү өнөр-жай жаатында биргелешип иш алып барган ишкана түзүүнү да айткан.

Ошондой эле туризм тармагындагы алака-катнашты өнүктүрүү жагы каралган.

Булак: Спутник