БУУ Кыргызстанда канча киши курсагы тоё тамак ичпей турганын аныктады. Доклад

Кыргызстанда 400 миң киши же жалпы калктын 6,4 пайызы курсагы тоё тамак ичпей ачкачылыктан жабыркайт.

Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын эксперттери тарабынан түзүлгөн «Европа жана Борбор Азияда 2017-жылы азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы жобо» аттуу докладында айтылат.

Ага ылайык, Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттер ачкачылык менен күрөшүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Ага карабастан аймактагы 14,3 миллион киши жетиштүү деңгээлде тамактанбайт.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Тажикстанда абал өтө оор, тагыраагы 2,6 миллион киши (калктын 30 пайызы) курсагы тоё тамак ичпейт. Өзбекстанда дээрлик 2 миллион киши ырастап тамак жебейт. Түркмөнстанда 300 миңге жакын киши чала тоют болуп жүрөт.

Эң жакшы абал Казакстанда. Бул мамлекетте жашаган калктын 2,5 пайызы гана башкача айтканда 450 миң киши дайыма курсагы ток жүрбөйт.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *