Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттү

15-майга караган түнү саат 2де өлкө боюнча 240 аналогдук берүү өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, санариптик телеберүүлөргө өтүү боюнча суроолорду ыкчам чечүү үчүн штаб түзүлгөн. Ал бүгүнтөн тарта бардык район-шаарларда иш алып барат. Ыкчам штабдын алкагында мобилдик топтор түзүлүп, элдин кайрылуусуна жооп беришет.

Айнура Темирбекованын белгилешинче, учурда элден кайрылуу түшө элек. Ал эми социалдык тармактарда санарипке туташуу начар болуп жатканын айткандар жок эмес. Эске салсак, ушул учурда Кыргызстан боюнча калктын 95 пайызы санарипке өттү.

Өлкөнүн калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт радио байланыш жетпеген аймактарда жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткөнгө чейин аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт.