Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды

Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул тууралуу Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон.

Шадиевдин талапкерлигин 6-сентябрда Жогорку кеңештин депутаттары жактырып, колдогон.

Буга чейин Шадиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап жактырган болчу.

Булак: Спутник

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *