Президенттин жарлыгы менен 125 киши өлкө жарандыгынан чыгарылды

Президент Алмазбек Атамбаев 125 адамды өлкө жарандыгынан чыгаруу боюнча Жарлыкка кол койду. Алар мамлекет башчыга жарандыктан чыгаруу боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.

Андан тышкары, президенттин дагы бир жарлыгы менен 175 киши Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынды.

Эске сала кетсек, бул жарлыктарга 10-майда кол коюлган.