Казакстандыктардын Кыргызстанга болгон ишеними 6 жылдык рекорду жаңылады

Казакстандыктардын Кыргызстанга карата болгон ишеними бир жыл ичинде 5 пайызга жогорулап, 33 пайызга жетти. Бул алты жылдагы изилдөөлөрдүн максималдуу көрсөткүчү. Бул тууралуу Евразиялык Өнүктүрүү банкынын интеграциялык изилдөө борборунун эксперттерине шилтеме жасап «Акчабар» поталы билдирди.

Кыргызстанда эс алуусуна туристтердин 17%ы гана толугу менен канааттанышкан. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча КМШ аймагы боюнча коңшуларына Тажикстандын (95%), Кыргызстандын (94%) жана Казакстандын (90%) жараандары эң көп ишеним артып келишет. Анткен менен ишеним маселесине тийиштүү өзгөрүүлөр  Казакстанда алгылыктуу байкалган. Маселен, кошуна өлкөдө 2017-жылы Өзбекстанга болгон ишеним 9%га көтөрүлүп, 24%га жеткен. Казакстандыктардын ишеними Түркия жана Кытайга 7 пайызга жогорулап, Түркияга 18%, Кытайга 16%га чейин ишеним көрсөтүшсө, Белорусь мамлекетине 6 пайызга көтөрүлүп 41 пайызга жеткен.

Толуктай кетсек, аталган 2017-жылдын жай айларында жүргүзүлгөн. Жалпысынан 8,2 адам суралган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *