11-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстанда 11-декабрда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6,

Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-11° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8….-10, күндүз -3…-5° болот.

Булак: Кыргызгидромет