Вице-спикерликке төрт талапкер сунушталууда

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовдун билдиришинче, 12-декабрда аталган комитет оппозициялык фракциялардын спикердин орун басарлыгына көрсөткөн талапкерлерин карайт. Маалыматка караганда, “Ата-Мекен” фракциясы вице-спикерлик орунга Сайдулла Нышановдун, “Өнүгүү-Прогресс” Мирлан Бакиров менен Тазабек Икрамовдун, “Республика – Ата-Журт” Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштап жатат.

6-декабрда буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган.

Булак: Азаттык