Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Жуунуп  болуп,  үстү-башын  күбүп, боюн түзөгөн Зумурат кызга күлүмсүрөй карады:

– Кеттикпи?

Кыз унчукпай ордунан турду.

Жигиттин жүрөгү алып учуп, Күнайымдын балбылдаган кош карегин көрүүгө шашып, койнундагы дары чөбү менен кыздын бат эле сакайып, ордунан туруп кетишин көрүүгө куштар болуп, элебептеп келатты.

– Зумурат? – деди жолдо келатып кыз.

– Оу? – кубанып келаткан жигит шайдоот жооп берди.

– Бир нерсе айтышым керек!

– Мм… Шашпай айтасың…

Буга чейин да ушинтип жолдо келатып кыз бул тууралуу түш көргөнү, аны дайыма ойлой берери, жанынан узаары менен са-гына турганы жөнүндө айта берчү. Эми да тик карай албай кайпактап, үнү үзүл-кесил дирилдеп турганын да ошого жоруп, уккусу келбей койду. Демейде анын каалоосуна ка-рабай эле оюндагысын айта салчу Дүрайым да унчукпай калды.

Арышын кенен-кенен таштап, алдыда ке-латкан Зумурат артындагы кыздын алда кайда калганын байкаган жок. Антсе да жол узарып кеткенсип, өздөрү башпаанек кылган жерге жетмеги кыйын болуп, ансайын жүрөгү алда нени сезгендей уйгу-туйгу боло баштады.

***

Канчалаган, жүздөгөн жылдардан кийин так ушул Жер-Куй Жинди-Чап деп аталып, кайсы бир күнү анын так үстүндө ушинтип өздөрү тууралуу кимдир бирөөлөр жомок кылып айтышарын анда Зумурат да, Дүрайым да билген эмес. Ким билет, билсе, адамдан башкача зирек туулуп, эртеңкини алдын ала болжоп-туюп, бирок көп нерсени сыртка чыгарбай ичине каткан, жай чилде-де борошолото кар жаадырып, кыш чилдеде булбул сайраткан Күнайым билгендир? Билгендир да, бул окуя, бул күндөр, элге-жерге болгон бул сүйүү ошентип жомокко айланып,даңазага айланып айтылсын, тынч жашаган бейпил күнгө бүлүк салган душманга тизе бүгүп багынбоо, абийир менен ар намысты ансыз дагы түбү – өлүк жалган жашоонун бир бүркүм, арсыз күндөрүнө алмашпоо бар-дыгынан бийик турарын качандыр бир жер үстүндөгүлөр да билсин дегендир? Балким.

Жинди-Чаптын үстүндө алоолонуп, от күйүп жатты.

Кез-кез гана Асандын акырын туруп барып, отун алып келип отко салып турганы болбосо, андан ары эмне болуп кетер экен деп, ким-кимиси Алымкандын жомогунда жашап, береги Жинди-Чап тарапка улам карап коюшуп, бир дем менен угушууда.

Жада калса жинди Тынардын да уйкусу качкандай, апасынын оозун тиктеп, эс-мас. Кээде алда неге ачуулангандай күңгүрөнө кабагын чытып, муштумдарын түйүп, кээде Зумуратты асканын башына тартып алууга тура калчудай обдула түшөт. Уулунун ички түйшөлүүсүн сезгендей, апасы ансайын аны каруусунан катуу мыкчып, “шүк отур, баары жакшы болот” дегендей жерди карай ныгы-ра тартат.

Анткен  менен  эне  байкуш,  демейде түткүлөп ойготуп, кулагына куюп жатсаң да өлгөн немедей уктаган уулунун кепке кулак салганына кубанып отурат. Ансайын эргип, ансайын көптөн берки көкүрөк-көңүлүнө баптай,  буга  чейин  мына-мына  төгүлүп-чачылайын деп араң келип, эми Зумураттын булагындай көмөкөйүн жара тээп чыккан жомогун кудум өз көзү менен көрүп келгендей жорго тилге салып, жобурап отурат…

Кызмончок Алымкандын көздөрүнө тигилет.

Алда нени алдын ала божомолдоп, баарын батыраак эле билип алгысы келип, чыдамы түгөнүп барат. Анткен менен Алымкан шашпайт… Адамдын  ичин,  жандүйнөсүн  кудум терезесинен  шыкаалап  көрүп  алгансып, көздөрүнөн ой-сезимин окуп алган касиетке эгедер кыз, балким шашкалактап, жаза окуп, жаза көрүп, жаза бүтүм чыгарып албасын деп атайылап эле көздөрүн ачпайт. Алоолонгон кызыл жалындын жарыгында ысык-суукка тотуккан буудай ыраңы, желкесине шыпы-рылып түшүп кеткен жоолугунун астынан желге желбиреген ак чачы, бекем жумулган көздөрү анын каргылданган добушуна ого бетер сырдуу, сүрдүү түр берет.

Кызмончок жер жазданган калыбында тунжураган Жанды карайт.

Жан бала кезинде эле жомокту жакшы көрчү. Ар бир жолу Кызмончок узун жомокко киргенде ушинтип жер жазданып, көшүлүп угуп, эмнегедир ошол каармандардын арасынан өзүн издей берчү. Ошону сезген кыз да айрым жерлерге адамдай акылдуу, башкача бир кылык-жоруктарга ээ ак жылан туура-луу кыстара кеткенде, серпиле баш көтөрө калып,  куйругунун  учу  менен  чыпылдата жер чаап, кудуңдап калчу. Анткен менен андан аркысы ал күткөндөй болбой калчу. Баары бир эле бөксөөсү толбой, көксөөсү канбай коңултуктап, денесинин бир жерин-де оңурайган боштук калып калгандай боло берчү. Эми ошол боштук, ошол издегени мы-на ушул жомок менен толчудай, же болбосо көптөн бери жомок укпай кулагы ачынып калган өңдүү демин ичине жутат.

Алымкандын Жер-Куйдун ичин кудум көрүп келгендей, анын адам баласынын буту баспаган булуң-бурчунан бери так өзүндөй сүрөттөп, айрыкча Зумурат көзүн ачкан, төө көзүндөй булак жөнүндө айтышы, адам таң каларлык окшоштук, дал келүүчүлүк анын кызыгуусу менен ишенимин ого бетер күчөтүп жиберди.

Баарынан  кызыгы,  так  ошол  булак эми да так ошол жерде, так ошондогудай угулар-угулмаксан шырылдап, жер алдынан бүлкүлдөп агып чыгып, кайра эле жер алдына сорулуп, сиңип кетип турганын, анан да ошол булакты Жан канчалык жакшы көрөрүн, баягы-баягы адамдардын арасында жүргөн кезде да биринчи эле сагынганы, дегдеп келип, чарчап, чаңкап келип эс алган жери ушул булак экенин бул аял билет болду бекен?..

Алымкан жанында жаткан көөкөрчөнү алып, бир-эки ууртап суу жутту. Чөнтөгүнөн бетаарчысын алып, чекеси менен эки жаагы ылдый куюлуп, чыпылдаган терди арчып, желкесине түшүп кеткен жоолугун тартып, оңдоп салынды.

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (3-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.