Жалал-Абад: тоонун башынан жүрөгү кармаган мергенчи каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында аңчылыкка чыккан 53 жаштагы тургун жүрөгү кармап каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Жалал-Абад шаарынан келген үч мергенчи Кара-Жыгач тилкесине ууга чыгышкан. Биринин жүрөгү кармап, ал ошол жерден жан берген. Кара-Көл шаардык куткаруу бөлүмүнөн алты кызматкер тоого чыгып, мергенчинин сөөгүн алып түшүштү», — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар сөөктү кечки саат тогуздар чамасында милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Булак: Спутник