УИАнын жетекчилиги жаш окумуштуулар менен жолугушту

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев УИАнын бөлүмдөрүнүн төрагалары жана Президиумдун кызматкерлери  менен биргелешип аспиранттар жана изденүүчүлөр менен жолукту. Бул тууралуу илимдер академиясынын Басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чогулушта аспиранттар туш болуп жаткан маселелер, алардын билим алуусун жана илимий ишин илгерилетүү үчүн болгон аракеттер талкууга алынды. Стипендиянын көлөмүн көбөйтүү, илимди жактоодо аларга көмөктөшүү сыяктуу кошумча жардамдардын керектиги да айтылды.

Ошондой эле суроо-жооп иретиндеги пикир алышууда бир катар маселелер айтылып, көйгөйлүү суроолорго жооп алынды.

Ал эми “Илим” маалыматтык-басма борборунун директорунун кызматын аткаруучу Назгүл Жолочуевна Мазекова аспиранттарды “УИА кабарлары”,  “УИА докладдары” жана “Жизнь науки” илимий журналдарына макала берүү сунуштап, анын жол-жоболору менен таанышууга чакырды.