Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Сербияга расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары Жээнбековдун 13-14-декабрда Өзбекстанга боло турган расмий сапарына көрүлүп жаткан камылга жөнүндө маалымат берди. Президент тышкы иштер министрине сапарга кылдат даярдык көрүүнү тапшырды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен быйыл 5-октябрда барган. Эки мамлекеттин сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып жакшыра баштады.

Булак: Азаттык