16-майга карата аба ырайы

16-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +24…+29;
Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+20, күндүз +25…+27;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Нарын жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;

Бишкек шаарында 16-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн акырында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +25…+27 градус ысык болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *