Жалал-Абадда бир өрттөн 2 турак үйдүн чатыры күйдү

Жалал-Абад шаарынын Рабочая көчөсүнүн №8 дарегинде өрт чыгып, өрттөн жыгач устундуу шифер жабылган аянты 68 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында саат 16:15 катталган.

“Өрт Рабочая көчөсүнүн №13 дарегине өткөн. Анда өрттөн 350 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда өрттүн себеби такталууда.

Булак: Кабар