Салыкчылар карызын төлөбөгөн 25 миңден ашуун ишкерди издеп тапты

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 11 ай ичинде салык отчетторун бербеген 25 миң 458 ишкерди издеп тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен 5 миң 432си — юридикалык жак, 10 миң 321и — жеке ишкер, 2 миң 831и — дыйкан чарба жана 6 миң 874ү — жеке адам.

«Ошондой эле салык органдарында каттоодон өтпөгөн 17 миң 919 субъект аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чаралар ишкерлерди каттоого алуу, көмүскө иш жүргүзгөн чарба субъектилердин салык төлөөдөн качкан фактыларын табуу жана жалган ишкерликке каршы күрөшүънү күчөтүү максатында жүргүзүлгөн.

Булак: Спутник