Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Бул кезде үйдөгүлөр дүрбөп калышкан… Жапжакшынакай эле ойноп уктаган баланын басылбай, чыңырып-чыркыраганы башкача эле! Ата-энеси экөө бирдей үрпөңдөп, үстүнө үйрүлүп түшүп, жалынып-жалбарганына карабай, ыйлай берген бала кара терге чыланып кетти. Жаңы эле чырак күйгүзүп, баланын бөтөлкөсүн колуна урунткан келинге:

– Эмизчи, – деди Асылбек баланы берип. – Эмизип көрчү?..

– Азыр… – деп Сырга отура калып, баланы канчалык бооруна тартып, эмизгенге аракет кылганы менен Кызмончок ансайын башын чалкалатып, тырышып туруп алды.

– Эмбей жатат! – деп анын буга чейин минтип ыйлаганын көрбөгөн келин өзү кошо ыйлап алган: – Кудайым, ай! Эмне кылам эми?! Берекем, берекем!.. Болдучу эми, берекем! Ай, ай, ай!.

Бир убакта эсине бир нерсе түшө калып, коркуп кетти:

– Асыке?! Курт-сурт чагып алган жокпу, ыя?!

– Кудай сактасын! Берчи мага? – Асылбектин оюна эмнегедир бала-жылан келип кетти. Баланы колуна алып, ары-бери көтөрүп көпкө алдейлеп жүрдү да, басылбаган соң:

– Суусап атпасын, сүт берчи! – деди жаман ойдон качкысы келип. Шалдайып отуруп калган Сырга эсине келе түшкөндөй, тегерегин сыйпалап,  бир убакта бет алдын тирмийе тиктеген тейден ката түштү да, сүткө сунган колун калчылдатып:

– Аа-а-аа-аа!!! – деп ай ааламды жаңырта ачуу чаңырып алды.

Жыландын жарымы али босогонун сыртында жүргөнү менен, жарымы эчак үйгө кирип, келиндин так маңдайына келип калган!

Алар тиктешип калышты! Экөөнү карап, баланы бооруна бекем кыскан Асылбек да ката түштү! Атургай денесин майда калтырак, кара тер басып кетти! Сомодой болгон кара чаар жыландын түссүз, сүйкүмсүз көздөрү чырактын жарыгында ого бетер сүрдүү, коркунучтуу болчу. Өзүнүн муун-жүүнү бошой түшкөнүн сезе, анысын ким бирөө билип койгондой, Асылбек бат эле анан чыйрала калды. Эсине бая күнкү, үйдүн артынан кезиккен бала-жылан «кылт» этип: «Жакын арада ордосу бар окшойт!» – деди оюнда. Сырга болсо жанагы ачуу чаңырыктан кийин үнү үзүлүп, жыланды тиктеген калыбында көмөкөйүнөн уңулдап, калчылдап отурат. Жылан да ансайын Сыргадан көзүн албай, атургай анын жанында турган Асылбектин да ар кыймылын көз жаздымга кетирбей, түктөйүп тиктеп алды.

Адам менен жыландын арбашканы тууралуу апасынан далай уккан Асылбек да аны көз ирмебей тиктеп, эриндерин да кыймылдатпай, аялына акырын, көмөкөйүнөн үн катты:

– Акырын, Сырга!

Ошондон кийин гана эсине келгендей, келиндин уңулдаганы басылып, жыландын да денеси саал бошой түшкөндөй болду. Ошондо да жылан адамдарга алда нени эскерткендей, кандайдыр бир башкача сес көрсөтө:

– Тс-с-с-с!!! – деп эки ачакей тилин соймоңдотту.

Үйдүн ичин саамга жымжырттык уялай түштү. Жада калса баланын да ыйы басылып, атасы көкүрөгүнө тарткан сайын тыбырчылап, жылан тарапка жүткүнө кол сунуп, быйтыйган манжаларын ачакей-жумакей кылып, көңүлү ачыла түшкөнсүдү.

Ошондон кийин гана жыланга жан кирип, алдындагы карапага бир жыйрылып жетти да, «шып!» эттирип мойнуна илип ала койду. Анын эмнени ойлоп, эмне жорукту жасаганы жатканын түшүнө албай, үйдөгүлөр үн-сөзү жок катып турушту. Көз алдындагы окуянын өңү же түшү экенин ажырата албай, көздөрү алайып, эси ооп отурган Сырганын денесинен алка-шалка тер кетип, кулагы да эч нерсе укпай, жыланды тиктеген боюнча эле шалдайып отуруп калды. Канткен менен Асылбек кайраттуулук кылды. Эки көзү жыланда болгону менен кыбыр эткендин баарын байкап, туюп турду. Бирок ал ушуга чейин мынчалык зор жыланды көргөн эмес! Болгондо да түн ичинде үйүнө кирип келип, заматтын ортосунда алаамат кылып ийет деп ким ойлоптур?!. Ушундай укмуштуу окуя болгонун бирөөдөн укса, ишенбейт да болчу.

Жыландын карапага оролгон мойну узарып, алдыны көздөй чоюла түштү да, чопо идиштен «тырс!» эткен дабыш чыгып, бир убакта бычырап сынып, идиштин  жарымы  жерге түшүп, жыландын денеси ылдый агып түшкөн сүт акырындык менен кийизге сиңип кетип жатты. Ошондо гана жылан эс ала түшкөн сыяктуу, жанагыдай эле – үшкүрүккө окшогон үн чыгарып,  сынган чопонун денесине жабышкан  күкүмүн силкип таштап,    жана кандай кирсе, эми да так ошондой, боз үйдүн босогосунан сыртты карай көпкө чейин жыбылжып «агып», чыгып баратты. Ага удаа эле, чепеңдеп кетип бараткан баягы бала жыланды байкай койгон Асылбек: «Демек, баласын чапканым үчүн келген тура!» – деди оюнда.

Жыландар кеткенден кийин да бир топко чейин үнсүз-сөзсүз, кыймылдабай отура беришти алар. Качан гана Сырга үңүлдөп ыйлай баштаганда гана Асылбек жанагыдай аста унчукту:

– Акырын! «Дагы эмне балакет болуп кетти?!» – дегендей, Сырга элеңдеп эки жагын каранып алып, оюна жаман бир нерсе түшүп кеткендей:

– Кызмончок?! – деп чыңырып тура калды. Анын эмне ойлогонун түшүнө койгон күйөөсү:

– Чш-ш, акырын! Ойготосуң, – деди. Кызмончок мемиреп, уктап кеткен болчу. Бул убакта эне жылан менен уулу караңгыда калдайып, ого бетер сырдуу, сүрдүү көрүнгөн тоолор тарапка кетип баратышкан…

* * *

Коркконгобу же чыйрыгып калганбы, Сырганын ээги-ээгине тийбей, калчылдап чыкты. Асылбек кызын анын колуна кармата коюп, экөөнүн үстүнө бирдей калтар ичигин жаап, кымтылап койду. Өзү сыңар тизелеп отура калып, бир колуна чырак кармай, бир колу менен жылан сындырып кеткен бөтөлкөнүн сыныктарын кармалап, карап жатты. Сүт төгүлүп, нымдалган жерди да сөөмөйү менен чукулап көрдү. «Бул кандай сыр?! Жыландын бул эмне дегени?!» – акыл-эсин жабалактап, жалаң ушундай суроолор ээлеп алганы менен, жандырмагын такыр таба албай койду! Кайдан тапсын!.. Кара чаар жылан баласынын изин кууп, бул үйгө тээ күүгүмдө эле келгенин, жаза тайып, бала-жыландын изинен жаңылганын, акыры: «Булар баламды жайлаган экен! Анда мен да алардын тукумун курут кылай ын!» – деп ою жамандыкка бурулуп, бөтөлкөгө уусун куюп кеткенин, бирок жолдо баласын таап алып, кайра келип уусун төккөнүн, бу жыландан башкача бүткөн макулуктун бир өзүнөн, анан да бир Кудайдан башка ким билет?!

Асылбек мешке от тамызды. Кургак куурай менен тезек заматта дуулдап, чаркеш меш «тырс-турс!» этип ысып, үстүндөгү чайнек тызылдап, эми элеки мистейген үйдүн ичине жан кире түшкөнсүдү. Кайнап, төгүлө баштаган чайнектен чай куюп, кызын кучактаган боюнча кыймылсыз катып отурган Сыр гага сунду:

– Ысык-ысык ууртачы…

Айткандай эле жан кирип, жылый түшкөн жубайы бир убакта:

– Асылбек, – деди ыйламсырап. – Жакага кетеличи?

Күйөөсү унчуккан жок. Аялы менен кызын ороп-чулгап төшөккө жаткырды да, Сырганын көзү илингенден кийин сыртка чыгып кетти. Асман ачык экен. Тээ төмөндөн күрүлдөп-шарылдаган суунун дабышы эле болбосо, түн жымжырт болчу. Жылдыздар жымыңдап, ай жарык. «Бир аздан кийин таң сүрөт», – деген Асылбек көөдөнүн кере, муздак абадан терең-терең дем алып, көкүрөгүндө көрөңгөлөй түшкөн суроолорго жооп издеди: «Соо жыландар эмес булар! А бирок… эмнеге алар менин үйүм дү айланчыктап, имерчиктеп калышты?! Же бир жеримден жаза тайып, жаңылдымбы?! Эмне кылдым?!.»

Бирок жообун такыр таба албай, көпкө чейин сыртта жүрүп, качан гана жылдыз суюлуп, жерге жарык түшө баштаганда гана үйгө кирди. Ансыз да түнү бою эти от менен жалын болуп, чабалактап чыккан Сырга шыбырттан чочуп, бакырып тура калды да, Асылбек экенин көргөндөн кийин да көпкө чейин жүрөгү лакылдап, өзүнө келе албай жатты.

– Мен эле… – деген Асылбек аялын жоошута көкүрөгүнө кысты, – Болду эми, кечке эле корко бербей! Алар эми келбейт. Кетишти…

Анткен менен бир аз эле убакыт ичинде ушунчалык өзгөрүлүп, өңүнөн аза түшкөн келинчегин аяй, кабыргасы кайышып кетти. Баладай кылып кымтылап жаап, төшөгүнө кайра жаткырып жатып, эмнегедир эсине чарадагы сүт түшүп кетти. Жакын келип, сүткө үңүлө карады. Каймагы калдайып, демейдегидей эле өңдөндү. Ошентсе да алда неден күмөн санай, сүттү эшикке көтөрүп чыгып, үйдү айлантып чубурта төктү да, куйругун шыйпаңдатып жетип келген дөбөткө калганын куюп берип, ит ичип бүткүчө карап турду. Кожоюнунун бул жолку марттыгына таң калгандай, Кумайык шоңшоюп отура калып, дагы үмүт эткендей Асылбек менен чараны алмак-салмак тиктеди. Кудай жалгап ит эч нерсе болгон жок. Бир топ убакыттан кийин итти кайра да чыгып карады.

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.