Путин Сирияда Россиянын эки аскер базасы жайгашарын айтты

России президенти Владимир Путин Сирияда Россия аскеринин эки базасы болорун айтты.

Россиялык аскер күчтөрү конуп, жайгаша турган эки жай каралган.

«Туруктуу негизде иштей турган эки база түзүлдү. Алар эми Тартус жана Хмеймим базалары болмокчу», — деген Путин Хмеймимдеги аба базасындагы аскерлерге сүйлөп жатып.

Путин кечээ, 11-декабрда, Сирияга келип, Хмеймимдеги аскер аба базасында Сириянын президенти Башар Асад менен жолукту. Аны РФтин коргоо министри Сергей Шойгу жана Сириядагы россиялык аскердик топтун командачысы Сергей Суровикин коштоп жүрдү.

Булак: Спутник