Премьер-министр Сапар ИСАКОВ: «Таза коом» программасы –  зор мүмкүнчүлүктөрдүн башаты»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстан дүйнө коомчулугу тездик менен өтүп жаткан санариптик технологияга кадам таштап жатышы бекеринен эмес. Бүгүнкү күндө санариптик медицина, санариптик билим берүү системасын турмушка ашыруу замандын талабына айланып бара жатат. Ишкер башка шаарда отуруп алып интернет аркылуу ишканасын, фирмасын каттатып алат. Ага убактысын коротуп барып отурбай өз ишмердүүлүгүн улантып жүргүзө бериши керек. Бүгүнкү күндө тестиер баладан баштап, ири окумуштууга чейин Google сайтына кирип, керектүү маалыматты алып жатышы заманбап технологиялардын турмушубузга өтө тез аралашуусунун далили.

Ушул  багыттагы  Өкмөттүн  «Таза коом»  программасын  чет  өлкөлүк өнөктөштөр жакшы колдоп беришүүдө. 11-декабрда Бишкекте өткөн «Кыргыз Республикасында Өкмөттүн, санариптик билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун келечеги» аталыштагы эл аралык конференцияга ЕККУнун Бишкек бөлүмүнүн жетекчиси, элчи Пьерфон Аркс, ЕЭКтин министри Карине Минасян, Бүткүл дүйнөлүк банктын санариптик стратегия боюнча кеңешчиси Рандип Судан ж.б. көптөгөн кадырлуу меймандардын катышуусу ага чет элдик өнөктөштөрдүн Кыргызстанда санариптик технологиянын өсүшүн колдоп жатышынан кабар берет.

Кыргызстанда санариптик технология-ны өнүктүрүү боюнча ушул жылдын апрель айында экс-президент А.Атамбаев тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берген. Аны алгачкы жолу турмушка ашыруу мындан бир ай мурда башталып, Премьер-министр Сапар Исаков өзү бет ачарын өткөрдү. Мына ушул «Таза коом» программасынын идеяларын жылдыруунун башында турган Сапар Исаков кон-ференцияда аталган программанын келечеги тууралуу буларга токтолду: «Эң биринчиден, «Таза коом» программасы мамлекеттик тейлөөлөр, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга багытталууда. Бул программаны ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик баш-каруу аппаратын кыскартууга барабыз. Анын натыйжасында каражатты үнөмдөөгө өбөлгө түзүлөт. Көмүскө экономика кыйла кыскара баштайт. Үнөмдөлгөн каражаттар аймактардын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Мунун менен билими жетик, жогорку тажрыйбалуу кесипкөй кадрлардын эл үчүн чындап пайдалуу иштешине жол ачабыз. Ага жараша алардын айлык акылары көтөрүлөт. Социалдык секторлордо иштеп жаткандар-ды колдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт», – деп белгиледи.

Бүгүнкү күндө Өкмөт интернеттин ылдамдыгын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. Интернетти ар бир айылга жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Мунсуз электрондук медицинаны, электрондук агартуу системасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. «Калкты тейлөө борборуна келген адам, ал жерден өзүнүн кан басымын же жалпы ден соолугунун абалын заманбап аппарат аркылуу текшерттирип алуу га мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Биз азыр россиялык өнөктөштөр менен калкты тейлөө борборлорунун ар бирин-де жаңы аппараттарды орнотуунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз. Ал жерде оорулууга кандай жардам көрсөтүү керектиги тез аныкталат. Жаранга өз аймагында же облустук ооруканада дарылоого болобу, же болбосо тез арада Бишкекке жеткирүү зарылдыгы туулуп жаткандыгы тууралуу маалыматты дароо чыгарып беришет. Дүйнөнүн 50дөн ашык  мамлекетинде  турмушка  ашырылган электрондук медицина системасы адамдардын өмүрүн сактап калууга чоң өбөлгө түзүп жатат. Учурда дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети уюлдук телефон менен интер-нет аркылуу ден соолугун сактап калуунун механизмдеринен пайдаланышууда. Өкмөт ушул тармак боюнча элге кеңири маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деди С.Исаков.

Мындай технология алыскы аймактарда жашаган калкка медициналык жардамдардын жеткиликтүү болушун камсыздайт. Айрыкча территориясынын басымдуу бөлүгүн тоолор курчап турган мамлекеттер үчүн бул система абдан маанилүү. Себеби, Кыргызстандын жалпы аймагынын 94 пайызын тоолор ээлеп тургандыгы, жер-жерлерде врачтардын тартыштыгы баарыбызга белгилүү. Өкмөт баш-чы конференциядагы сүйлөгөн сөзүндө медициналык кадрлардын арасында жаш курагы улгайгандары арбындыгын, көп жыл иштеген кесипкөй врачка азыркы күндөгү мамле-кет төлөп жаткан маянанын аздыгын айтып өттү. Ушундай жагдайдардан улам телемеди-цинаны өнүктүрүү зарылдыгын турмуш өзү көрсөтүүдө.

Ал эми билим берүү тармагынын өнүгүшү да интернетсиз ишке ашпай тургандыгын жалпыбыз жакшы түшүнөбүз. Мында дистанттык окутуу, электрондук окуу куралдарын  пайдалануу,  кадрлардын  билимин жогорулатуу сыяктуу көптөгөн иштер интернет  технологиясына  көз  каранды  болуп калды. «Кыргызстандын агартуу тармагынын мүмкүнчүлүктөрү зор. Мамлекет бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 24 пайыздан ашыгын билим берүү тармагына жумшап жатат. Биз агартуу тармагына бюджеттин өтө орчундуу бөлүгүн карагандыгы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он мамлекеттин ичиндебиз. Бул өз жемишин берерине ишенсек болот. Бирок, сапаттуу окутуунун натыйжалуулугу он-он беш жылдан кийин гана бай-кала баштаганы менен өзгөчөлөнөт эмеспи. Ошого карабай, «Таза коом» программасы-нын натыйжасында агартуу тармагындагы реформанын айрым натыйжалары бүгүндөн баштап  көрүнө  баштады  десек  болот»,  –  деди ал.

Өкмөт башчынын айтымында 2019-жылы Кыргызстандын Өкмөтү бүтүндөй санариптик башкаруу технологиясына өтүшү керек. Анда ар бир мамлекеттик кызматкер кандай иштепжаткандыгы, жумушка кечикпей келгендиги же башка иштери менен административдик территориянын сыртында жүргөндүгүнүн баары жаңы технологиялардын жардамы менен көрсөтүлүп турат. Андан кызматкердин ишине реалдуу баа берилет. Ушундан улам, жакынкы төрт-беш жылдын ичинде мамле-кеттик кызмат үчүн өз жашоосун арнап койгон чыныгы тажрыйбалуу кадрларды тандоого жана алардын маянасын да көтөрүп натыйжалуу  иштетүүгө  боло  турган  учур келет.

“Таза коом» программасы – абдан зор мүмкүнчүлүктөрдүн башаты. Ал бизнести өнүктүрүүгө, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө, инновациялык ачылыштарга өбөлгө болчу механизм. «Биз азыр абдан кыйын, бирок жарандардын турмушун жакшырта турган жолго чыктык. Ошону менен бирге коомдун социалдык көйгөйлөрүн да чечүүгө бет алдык. Биз баштаган иштердин ыйынтыгы бир нече жылды талап кылышы ыктымал. Санариптик технологияга өтүү жагдайы көп мамлекеттерде тоскоолдуктар менен коштолуп келе жатканы жашыруун эмес. Анткени, ал көп финансылык ресурстарды талап кылат. Бул боюнча баштапкы жылдары кадрдык тартыштыкка учурайбыз. Андан тышкары, санариптик технологияны ишке ашырууга ылайыктуу мыйзамдарды дагы иштеп чыгуубуз керек. Бирок, биз кыйынчылыктардан чочуп отуруп калбай, этаптуу түрдө ишибизди алдыга жылдыра беребиз», – деди Премьер-министр.