Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Жомоктун калганын айтпай койчудай өзүн одурая тиктеп, бир өңүрүн баса отурган уулуна Алымкан ичи ысый карап, жылмайган болду. Башынан сылап: “Э, айланайын Кудай…” – деп, ичинен Жаратканга тобо келтирип алып, Жер-Куй тарапты бир азга тунжурай карап отурду да, өзүн тиктеп жаткан жыланды, анын катарында эки кулагы жомокто болгону менен эки көзү, эси-дарты Кызмончокто болуп отурган Асанды карады.

Кызмончокту, адатынча карабай, көздөрүн жумду да, жомогун улантты.

***

Улам  арышын  кенен-кенен  таштап отуруп, акыры чуркоого өткөн Зумурат Күнайым жаткан жерге жетип токтоп, кудум асканы сүзүп алгандай эси эңгиреп, көздөрү ала чакмактап кетти.

Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, денда-роо болуп, делдейди.

Асканын түбүндөгү өзү тегерек-белине кооз таштарды тизип, сыз өтпөсүн деп жерден бир аз бийиктетип, өзүнүн тердигин алдына төшөп, ээр токумун башына жаздап жаткырган текченин үстүндө топурак жа-мынып жатат!

Жүрөгү лакылдап, муун-жүүнү бошоп, тулку боюн калчылдак басып кеткен жигиттин оюна: “Ушинтип дарыланып жатабы? Оо-русун топуракка өткөрүп жатпасын?” – деген ой “кылт” эте калып, ошого бир аз шердене түшүп, ошого ишенгиси келип, өзүн-өзү жоо-шутуп: “Ооба, ошондой… ошондой!” – деп,ошону ырастагысы келгендей Дүрайымды карады.

Дүрайым алда кайда, эмнегедир эрдемсигендей: “Эми эмне кылсаң ошо кыл, көксөп келдиң беле, көрүп ал!” – дегендей башты бийик көтөрүп, карап турган.

Жигит Күнайымга жакындап келди.

Бети, көкүрөгүнөн тартып тизесине чейин топурак баскан кыздын этегин ылдый тартып, тизесин жапты.

Жерге карай салаңдаган колу кармап ту-руп, азыр эле таштап жибергенсип, жерде жаткан канжарды көрдү. Тааныды – жоокер башчынын канжары! Ал тирилип, бул үчөөнүн көмгөн жеринен туруп келип, карап тургандай, артына кылчайып карады.

Жакындап келген Дүрайымга суроолуу тигилди.

Үн-сөзсүз мелтиреди кыз.

Эсине келе түшкөндөй канжарды таш-тап жиберип, эми Күнайымдын үстүндөгү топурак-шагылды  шилеп,  ача  баштады. Көкүрөгүнө башын коюп, жүрөгүн тыңшады.

– Күнайым?! – ойготуп алчудай ийнинен

кармап, тарткылады. – Күнайым?! Мен кел-дим, Күнайым?! Күнайы-ым-м?!

Шашкалактап, чөнтөгүнөн түйүнчөгүн алып чыгып, дары чөбүн бетаарчысы менен кошо Күнайымга жыттаткан болду.

– Мына…Жыттасаң? Карасаң, ошол бекен?

Ошол, өзү. Жыттасаң, – деди Күнайым азыр ошону гана күтүп жаткандай, азыр көкүрөгүн кере-кере кенен дем алып, көздөрүн ача салчудай далбастап.

Кыздын  башын  өйдө  кылып  оозу-мурдундагы, көздөрүндөгү топурак-кумду арчып,  тазалаган  болуп,  тээ  бир  далайга чейин далбастай берип, акыры анын баары бекерге экенине ынана баштаган сайын денесин калчылдак басып, асман-жери аңтарылып:

– Аа-аа!!! – деп Жер-Куйдун ичин солкул-дата бир катуу бакырып алып, муздак денени бекем кучактаган боюнча баладай баркырап, алы кетип, солуп калгыча ыйлай берди.

Дүрайым  алардан  окчунураак  жерде турду.

Бири – тирүү, бири –өлүк экөөнү көксөөсү сууган адамча көпкө чейин теңселип, текебер тиктеп туруп, улам убакыт өткөн сайын бардык нерсенин, айрыкча табанын да жет-кен чеги бар экенине ынанып, ансайын жал-гызсырап, өзүнө-өзү жек көрүмчү сезиле баштады… Азыр эле көкүрөккөңүлүнө сыйбай, бактылуу кылып бапырап турган табасы бара-бара суктанууга, кызганычка айланып, жандүйнөсүнүн тээ түпкүрүндөгү, кудум Күнайым менен кошо өлдү, бүттү деп эсепте-ген сезимдери кайра тирилип, жандүйнөсүн кайра эле баягыдай кемирип, жей баштаган сыяктанды.

Ошондон улам го, Дүрайымга суналып жаткан курбусунун денесине жан, колу-бутуна кыймыл кирип, көкүрөгү солкулдап дем ала баштагандай көрүнүп кетти.

Көздөрүн бекем жумуп жиберип, кайра ачты…

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.