Жакынкы Чыгышта жаңы жаңжал чыгабы?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


АКШнын Президенти Дональд Трамп 6-декабрь күнү Ак үйдөн атайын жасаган билдирүүсүндө АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын жарыялады. Бул Израиль жана Палестина ортосундагы жаңжалга карата жаңыча мамиле экенин белгилейт. Ошондой эле Трамп АКШнын Тель-Авив шаарындагы элчилигин Иерусалимге көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да билдирди. Учурда бул билдирүү Израилде гана жакшы кабыл алынып жаткандай, а иш жүзүндө мындай чечимдин натыйжасында Жакынкы чыгышта дагы бир жаңжалдын чыгып кетүү коркунучу бар.

Тал аштын таржымалы

Израиль мамлекети курулган 70 жылда мындай чечимди кабыл алууга эч ким даай алган эмес. АКШ Конгресси америкалык элчиликти Иерусалим шаарына көчүрүп, бул шаарды Израилдин борбору катары таанууга жол ачкан мыйзамды 1995-жылы эле кабыл алган. Бирок андан бери ошол учурдагы президенттер Клинтон, Буш жана Обама бул мыйзамдын аткарылуусун алты ай сайын улам атайын документке кол коюу менен кийинкиге калтырып келишкен. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан оор абалга байланыш-туу бул маселенин артка жылдырылуусу бул жолу да күтүлүп жаткан.

Бирок, Дональд Трамп: “Мен Иеру-салимди Израилдин борбору катары тааный турган убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер му-ну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага йлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим”, – деди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый” деп атап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөдү.

Мындай  чечимдин  чыгышы Жакынкы Чыгыштагы оор абалдын мындан да чыңалуусуна алып келүүсү толук мүмкүн. Себеби, Иерусалимдин макамы – Израиль-Палестина жаңжалынын эң сезим-тал маселеси. Маселен, палестиндер Иерусалимди алардын болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Израиль болсо Чыгыш Иерусалимди аннекциялап, мусулмандар, христиандар, жөөттөрдүн да  ыйык  жайлары  бар  шаарды борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук  тааныган  эмес  жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тель-Авивде жайгашкан.

АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору катары таануусу менен анын аймактагы имиджи өтө эле түшүп кетүүсү ыктымалдыгы күтүлүүдө. Анткени бул нерсе радикалдык идеологияны күчөтүп, АКШ жакын өнөктөш катары кызматташып келген Сауд Арабия, Египет баштаган араб өлкөлөрү менен мамиленин солгундашына алып келет.

Эл аралык коомчулук – Трампты колдогон жок

Күтүлгөндөй  эле  Палестина  жана  араб  лидерлери, АКШнын  айрым  чечүүчү  өнөктөштөрү да Трампка анын кадамынан бүткүл Жакынкы Чыгышта  кыянатчылыктар  жаралышы мүмкүндүгүн жана тынчтык жараяны кыйындай турганын эскертишкен. Маселен, британ премьер-министри Тереза Мэй 6-декабрда парламентте Британиянын туруму өзгөрбөгөнүн, Иерусалимдин макамын Израиль менен Палестина сүйлөшүп чечүүсү керектигин белгилесе, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” деп сыпаттады.

Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык секретары Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады. Түркиянын тышкы иштер министрлиги бул чечимди “жоопкерчиликсиз” деп айыптап, президент Режеп Тайип Эрдоган Трамптын чечимине каршылык билдирип, 13-декабрга Ислам кызматташтыгы уюмунун атайын саммитин чакырды.

Израилдин элдешкис каршылашы болуп эсептелген Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, “мусулмандар бул ири кутумга биримдикте каршы турушу керектигин” айткан. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын өкүлү Набил Абу Рдене Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы алар үчүн “кабыл алынгыстыгын”, бул “тынчтык жараянды татаалдантып, ага тоскоолдук жаратарына” токтолгон.

АКШны Иерусалимдин макамын өзгөртүү боюнча чара көрбөөгө Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси да чакырган. Мындай чакырык ал-Сиси менен Трамптын телефон сүйлөшүүсү учурунда жасалганын египет тарап кабарлады.

Бул маселе боюнча 8-декабрь күнү Кыргызстандын ТИМи маалымат таратты. Ага ылайык, Кыргызстан  Иерусалим  шаарынын тарыхый  жана  укуктук  статусунун айланасындагы абалга тынчсызданып  жатканын  билдирет. “Кыргызстан дүйнө коомчулугу-нун биргелешкен аракети менен палестина — израиль келишпестиги жөнгө салынарына ишенет”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, билдирүүдө мамиле эл аралык укук нормаларынын, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен Генералдык ассамблеясынын тийиштүү резолюцияларынын негизинде жолго салынарына үмүт артылган.

Араб өлкөлөрүндө орун алган баш аламандыктар

8-декабрь  күнү  мусулман өлкөлөрүнүн жарандары АКШнын Иерусалим боюнча чечимине каршылык көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыгышты.

Маалыматка ылайык, жума намаздан кийин Иордания, Түркия, Египет, Ирак сыяктуу мамлекеттердин жарандары көчөгө чыгып, жөө жүрүш уюштурушту. Нааразычылык акциясына саясий партиялар-дын мүчөлөрү, парламент өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, элчилер жана диний ишмерлер ка-тышты. Айрым шаарларда жүрүшкө чыккандардын саны жүздөп саналса, айрымдарында миңдеген адамга жеткен. Алардын колунан «Ие-русалим — мусулмандардын ыйык жайы”, «Израиль — жан алгыч, АКШ — анын колдоочусу», “Кан-жаныбыз Палестина менен” деген сыяктуу ураандарды кармап алышкан.