Алда качан жоголгону –  актанууга жол береби?

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Фракция жыйынында парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Тарых музейиндеги баалуу экспонаттардын уурдалышы мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирүүчү маселе экендигин айтып, баалуулуктардын жиги кайда экенин батыраак таап, отчет берүүсүн Башкы прокуратурадан сурады.

Башкы прокуратуранын тергөө иштери  боюнча  көзөмөлдөө  бөлүмүнүн башчысы Мухамед Карашевдин айтымында, экспонаттардын жоголуусу боюнча Бишкек  шаарындагы  Биринчи  Май  райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан эки кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштери Тарых  музейинде  жана  мемориалдык  Фрунзе музейинде жоголгон экспонаттар боюнча козголгон.

“Учурда кайра териштирип чыгуу боюнча тапшырма берилди. Бирок конкреттүү деле эч нерсе табыла элек», – дейт Башкы прокуратуранын өкүлү.

Мындан сырткары, М.В.Фрунзе атындагы үй музейден дагы 100 экспонат жоголгондугу тууралуу Эсеп палатасынын маалыматы бар.

Тарых музейинин директору Анаркүл Исиралиева жоголгондордун ичинде зер буюмдардын баалуу шурулар сыяктуу ар кандай түрү болгонун жана негизинен археологиялык фонддогу экспонаттар бар экенин маалым кылды. “Музейде ар бир кичинекей буюм өзүнчө элемент катары катталат. Мына ошол  чоподон  жасалган  буюмдардын  элементтери, андан тышкары колодон жасал-ган бряжкалар (курдун темири) жоголгон”, – дейт ал.

Ал экспонаттардын жоголушу тууралуу кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалымат таратып жатканына да нааразы: “Жоголгон 503 экспонаттын (анын ичинде 29у баалуу металл) жоголгонунан он жыл-дан ашып кетти. Бирок маалымат булактары акыркы кездерде жоголгон деп жазып жатышат. Бул туура эмес. Менин колумда Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими, Башкы прокуратурага берген документим бар. Анткени нвентарлаштыруу 2008-жылы башталган. 2012-жылдын соңунда аягына чыкканбыз. Беш жыл бою эсептөө иштери жүргөн. Мен 2012-жылы бул маселени коллегияга коюп, Башкы прокуратурага берген болчумун. Менде ал буюмдар качан, эмне себептен жоголгону тууралуу тиешелүү кызматкердин түшүнүк каты бар”.

А.Исиралиева ошол жылдары анын Башкы  прокуратурага  жазган  арызы  Бишкек шаардык  прокуратурасына,  кийинчерек райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн,  2012-жылы  кылмыш  иши  козголгонун, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  тарабынан  бул  чырга  тиешеси бар  кызматкерлер  жумуштан  алынганын айтты.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин учурдагы басма сөз кызматчысы Марлен Соляной ким жоопкерчилик тарта турганы боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатканын белгилөө менен: “Мамлекеттик тарых музейи мада-ният министрлигинин имаратында турган кезде, фонддогу бардык экспонанттар жер төлөдө сакталчу. Директордун айтуусунда, ошол кезде экспонттардын мыкты шартта сакталышына шарт жок болгон. Тактап айтканда, видео камера, сигнал берүүчү аппараттар 2007-2008-жылдары коюлган эмес. Музей-деги буюмдардын жоголо башташы дал ушул жылдарга туш келет. Кийинчерек ал имарат маданият министрлигине берилип, мамлекеттик тарых музейи экспонаттарды алып кетип жатканда аларды тактоо иштеринде бир катар экспонаттардын жок экендиги боюнча акт түзүлгөн. Мындан улам 2008-жылы инвентарлаштыруу иштерин жүргүзүү демилгеленип, ал 2012-жылга чейин созулду”, – дейт.