Тоолор бөксөрбөйт…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызда – кыргыз улутун дүйнөгө тааныткан, кыргызды дүйнөгө даңаза кылган, ошол ысым аркылуу бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук кыргызды тааныган, билген жана улут сыймыгына айланган адамдар саналуу эле. Ошол залкар адамдарыбыздын башында жазуучу Чыңгыз Айтматов турат. Бирок… Бирок дегенибиз кыргызга мүнөздүү бир «оору» бар. Ал ошол улут сыймыгына айланган залкар адамдарга болгон таарыныч, нааразылык.

Айтматов  көзү  тирүүсүндө эле ага таарынган,  ага  нааразы адамдар  көп  болчу.  Айтматовго кимдер гана нааразы болбоду. «Айтматов сараң экен, базарга барса да, соодагер кайтарып берген майда тыйынына чейин бүт алат экен, арзыбаган майда тыйынды ошол бечара соодагерге эле калтырып койбойбу» деген катын ушактан, өлкөнүн биринчи адамдарына чейин Айтматовго нааразы болушту. Жөн эле нааразы болушпай, ага каршы ар кандай саясий кутумдарды уюштурушту, ар кандай ушактарды таркатышты. Кыргызстанды 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун мамилеси кандай болгону баарыбызга шардана. Ал кезде Чыңгыз баралына келип, бышып, солкулдап жетилип турган кези эле. Ал Т.Усубалиевге баш бербей, кармашып көрдү. Бирок, ал саясий күрөштүн майнабы болбоду. Ал окуя «Талас төңкөрүшү» деген ат менен тарыхка кирди.

Апсамат Масалиев ак сөөк адам  эле,  анын  үстүнө  бийликте аз эле турду, аны менен Ч.Айтматовдун ортосун кара мышык аралаганын, же аралабаганын айта албайбыз. Ал эми Аскар Акаев  бийликке  келер  менен өлкөдөгү эки адамды бутага алды. Алардын бири – Т.Усубалиев, бири – Ч.Айтматов эле. Жалпыга маалымдоо каражаттары, асыресе өлкөдөгү эң бир ээн баш, эн ооз гезит аркылуу сандан санга, айдан айга, жылдан жылга жаманатты кылдырып, өлкөдөгү эң бир сыйлуу эки адамды элге мокочо көрсөтүүнүн, эл душманына айландыруунун аракети жасалды. Ошол басылмаларда иштегендер азыр да арабызда жүрөт, пайгамбар жашына келип калган, мамлекеттик ардак наамдарды да үзбөй алып жаткан бул адамдар бизди калп айттырбайт деген ойдобуз.

А экөөн каралоонун бир гана себеби бар эле, Акаев бийлиги бул эки адамдан, алардын таасиринен, алардын көлөкөсүнөн коркту. Айтматовдун талантын баалаган адабиятчы Калык Ибраимов деле, Айтматов менен ага-инидей ээрчишкен Осмонакун Ибраимов деле  Акаевдин  «орбитасында» жүрүштү, бирок алар Айтматовго каршы «оркестрдин» дирижёруна сөзү өтпөдүбү, же Айтматовду каралоо Ак үйдүн тапшырмасы менен болуп жатканын билбедиби, айтор, ал учурда айгай салып коргоп чыгышпаганына таңыбыз бар. Ал чындык да эртеби-кечпи айтылат. Айтматов өзүн каралаган ал макалаларды окудубу же жокпу ким билет, бирок ал маалыматтар жетип жатты көрүнөт, акыры КТРК аркылуу эки-үч ирет президент болууга ниети жок экендигин, президенттик шайлоого катышпасын айтып, актанганы күнү бүгүн көз алдыбызда турат.

Биз билген жана билбеген Мидин

Ырас,  өткөн  кылымдын 60-70-жылдарында  Т.Усубалиевди бийликтен кулатабыз дегенде Чыңгыз баралына келип турган. Мүмкүн, Т.Усубалиевден бийликтин тизгинин талашканга аракет жасаса жасагандыр. Анын эмнеси бар? Ал эми, кылымдын аягында, 90-жылдарда алтымыш ашып калган болчу. Баягыдай дымагы болдубу, же бүтүндөй бир элдин жүгүн алып кеткенге дарамети жетпесин билдиби, айтор ага президенттикти сунуштап кайрылышканда, андан баш тартып, Акаевди сунуштаганы эч кимге жашырын эмес го. Анда эмнеге Айтматовдон чочулашып, анын президент болууга ниети жок экенин айттырып, актанууга мажбур кылышканын акылга сыйдырууга эч мүмкүн эмес. Айтматовдун эң  жакын  адамдарынын  бири: «Чыңгызга «сөз арасында, кыябын келтирип, президенттик шайлоого катышайын, президент болоюн деген оюм жок» деп айтууга араң көндүрдүк. Ал бизди такыр түшүнбөй койду. «Жетимишке келип калсам, менден кайдагы президент чыгат? Мени да бирөөлөр өзүнө атаандаш көрөбү, мен тууралуу да башкалар жаман ойлойбу? Мага бийликтин кереги барбы?» деп көпкө кыжалат болуп, ары-бери басты. Акыры Айтматов теле аркылуу президенттик шайлоого барбастыгын айтып, кайрылуу жасаган соң, Айтматовду каралоо, жаманатты кылуулардын аягы тыйылды» деп, бизге Чыңгызды КТРК аркылуу түз эфирге чыгып, расмий түрдө президенттик шайлоого катышпасын айтууга макул кылууга көндүрүшкөнүн айтып берди эле.

К.Бакиев бийлиги болсо, Чыңгыз Айтматовго Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз элчилигин да ыраа көрбөдү. А балким кызматтар соодаланган ал учурда анын жылуу кызматы кимдир-бирөөгө  керек  болгондур?.. Элчиликтен кеткен Айтматов  Кыргызстанда «ашыкбаш» адамга айланды. Акыры…

Мындан  бир  жыл  мурда, К.Бакиев бийлиги тушунда «ити чөп жеп» турган: Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекеттик катчы болуп иштеген бир саясатчы менен бир жерде отуруп калдык. Беш-алты киши отурат элек, ошол саясатчы Мамлекеттик катчы болуп турганда, Чыңгыз Айтматов менен болгон мамилесин, Айтматовду кантип ордуна коюп, элдин жана өзүнүн нааразылыктарын көзүнө түз айткандарын айтып мактанып отурду. Жаңылбасам, ал Ч.Айтматовдун Майрам  Акаеванын  «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» деген китебинин бет ачарында сүйлөгөнүн, М.Акаеваны чоң жазуучу катары мактаганын айтып, «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» мактай турган китеп беле да, Чыңгыз Айтматов мактай турган адам беле» деп да сынтаккандай болду.

Туура, бир караганда, биз деле ошентип ойлогонбуз, «Айтматов дүйнөлүк кадыр-баркы менен Майрам Акаеванын китебин мактай турган жерде беле» деп ойлогонбуз. Бирок, мында көпчүлүк биле бербеген бир жагдай бар. «Үмүттүн шооласы үзүлбөйттүн» автору Майрам Акаева делген менен, аны башка таланттуу адамдар жазганын эстен чыгарбашыбыз керек. Экинчиден, анын ак көңүлдүүлүгүнөн пайдаланып, М.Акаева “Жакшы сөз айтып берүүсүн” сурагандыр?.. А канчалар суранып,  чыгармаларына  баш  сөз жаздырып  алышканы,  өзгөчө жазуучулар  журтуна  жакшы белгилүү.

Айтматовго  нааразылар, ага  таарынгандар  анын  көзү тирүүсүндө эле көп болчу, эми да улуу жазуучуга нааразы болгондордун жаңы мууну өсүп жетилип келе жаткандай. Үнүнүн жетишинче  бурч-бурчтардан, социалдык тармактардан кыйкырып, «баатыр» болуп жаткандар четтен чыгат. Бүгүнкү күндө Айтматовго асылып, анын чыгармаларын «ревизиялагандардын» анабашында Кыргыз эл акындары, жазуучулар, Токтогул атындагы сыйлыктын ээлери турат. Муну жаап-жашырбай, ачык айтып коюуга тийишпиз.

Арийне, ит үргөн менен, улуу көч кете берет эмеспи. Чыңгыз Айтматовдун  өзү  өлсө  да,  артында  калган  сөздөрү  өлбөс-өчпөс болуп, жазуучунун экинчи өмүрүнө айланды. Бүгүн тирүүлөр даңазалай албаган Кыргызстанды капкачан сөөгү сөпөт болуп калган Айтматов дүйнөгө даңазалап жатат  жана  куду  улуу  жазуучу өзү:  «Биз  дүйнөнү  өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» деп айткан сыңары Чыңгыз Айтматовду дүйнө эли даңазалоодо. Мына  ич  күйдүлүктүн төркүнү  кайда?  Бир кезде тирүү Айтматовго ич күйдүлүк кылышса, эми өлүү Айтматовдон андан бетер “ичтери күйүүдө”.

Жакында  эле ТҮРКСОЙ  2018-жылды  Чыңгыз  Айтматовдун жылы деп жарыялады. Бул кыргыз эли үчүн сыймыкпы? Албетте, сыймык. Бүтүндөй дүйнө кыргыздын залкар жазуучусунун талантына тамшанып, таазим этип жатса, биз сыймыктанбаганда ким сыймыктанат.

«Манас» – кылымдар санжырасы

Айтматов  башкаларга жарыгын чачкан жок дешет ага нааразылар, келгиле ойлоп көрөлү, чын эле Чыңгыз Айтматов  эч  кимге  чачкан эмеспи? Терең ойлогон адамга, Айтматов айкөл адам болгон. Ал өзүнүн адам табиятынын улуулугун, адамдын айкөлдүгүн, акылмандыгын,  бийик  адамгерчилигин, бүтпөс жана өчпөс сүйүүнү даңазалаган чыгармалары аркылуу бүтүндөй адамзатынын, анын ичинде кыргыз улутунун руханий дүйнөсүнө күлазык берип, жарыгын чачкан эмеспи. Же жазуучу башкаларга жарыгын чачыш үчүн дагы бир башкача эрдик жасашы керекпи? Эмне кылышы керек?..

Анча  болду  Айтматовдун сараңдыгы тууралуу бир-эки ооз сөз. Мүмкүн, Айтматов базардагы соодагерге майда тыйынын калтырбаса калтырбаган чыгар, бул сараңдыктын белгиси эмес. Чыңгыз акылман адам болгон, соодагер анын «арзыбаган» майда тыйынына зар эместигин билген. Бир жерден арзан алып, экинчи жерде кымбат саткан соодагер бардык замандарда жазуучулардан бай жашаган. Айтматов соодагерге майда тыйын калтырбаган менен, жетим-жесирлерге колу ачык болуптур. Маркум Балтабай Абдылдаев жана Жаныбек Рай деген сүрөтчү досторубуз Чыңгыз Айтматовго бир чети ини, бир чети баласы катары көп жылдары чогуу жүрүп калышты. Айтматов Кыргызстанга келди дегенде эле, экөө анын жанынан чыкчу эмес. Өзгөчө  ыраматылык  Балтабай достун: «Чыкемин үйүнө кишилер көп келет. Эгер, бир күндө жүз адам келсе, жүзү тең сөзсүз жардам сурап келген адамдар болот. Чыке эч эрикпей, аларды ишим көп эле деп жаман көрбөй, бир четинен ар кайсы жактарга телефон чалып, маселесин чечип кирчү. Эгер, акчалай жардам керек болсо, анча-мынчасын өзү эле колуна санап берип, ажатын аччу» дегенин көп уктук. Бирөө: «балам ак жеринен соттолуп кетти, ошого кийлигишип берсеңиз, соттор кайра карап берсин» деп келсе, бирөөлөр айылда фермер чарбасы экенин, трактордон кыйналып жатканын айтып келчү экен. Айрымдар Айтматов үй бөлүштүрүп жаткансып, түз эле үй сурачу экен. Улуу жазуучу эч кимисине аный дебей, фермердин көйгөйүн чечиш үчүн ал жашаган райондун акимине телефон чалып, башка бирөө үчүн фермер үчүн трактордон жардам берип коюусун суранып, болбосо шаардын мэрине  чалып,  үй  маселесин  чечип берүүсүн өтүнчү экен. Балтабайдын өнөркана үчүн жай алышына да Айтматов себепкер болгон. Кыргыз акын-жазуучуларынын бир топтору Айтматов аларга үй алышына, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышына себепчи болгонун айтып жүрүшөт. Анан кайдан эле Чыңгыз Айтматовго таарынгандар, нааразы болгондор жамгырдан кийинки козу карындардай болуп, жабырап чыга келерин түшүнүү кыйын.

Бизди  таңгалдырган  нерсе  бул.  Колунан  баары  келген, мурунку-кийинки мамлекет башчыларынын  жанында  жүрүп, мындай  чоң  маселелерди  чече алышкан Чыңгыз Айтматовдон башка деле даңазалуу адамдар, анын ичинде акын-жазуучулар көп. Эмне үчүн Айтматовго нааразы адамдар аларга таарынбайт, эмнеге аларга нааразы болбойт да, Айтматовго нааразы болушат? Анткени, алардын бири да нааразы болгонго арзыбайт.

Кыргызда  Абыке-Көбөштөрдүн феномени бар. Европада Абыке-Көбөш феноменин Сальери аташат. Абыке-Көбөштөр деле жаман адамдар эмес болушкан, алар деле баатыр болушкан. Сальери да таланттуу адам болгон. Бирок, алардын шору Абыке-Көбөш Манаска каршы чыгып, айкөлдөн калган жалгыз туякты өлтүрөбүз деп кутумчулук кылган. А Сальери болсо Моцартка уу берип өлтүргөн делип айыпталып келет…

А тоолор эч качан бөксөрбөйт… 2018-жыл Айтматов жылы деп аталса, бүтүндөй бир кылым Айтматов кылымы деп аталчу мезгил да алыс эмес.

 

Неге шашып кетип калдың?

Чыңгыз деп кыргыз элден ат уккамын,
Чыңгыздын чыгармасы бат чыкканын.
Чеги жок таланты күч бул абамды,
Чын дилден бир өзүмө туу туткамын.
Чыйралып жазып жаткан ырларымда,
Чыныгы, сезип жүргөн эң кутманым.

Чыкемди алыс жерден көрүп калдым,
Чыкемди унутпаска көнүп калдым.
Чыкемдин арбагына таазим кылып,
Чыкемдин Шекерине келет баргым.
Чын айтсам, келбесе да көп колумдан,
Чыкем деп жазгым келет арбын-арбын.
Ченебей токсон жашты тирүү көрбөй,
Чыкем ай, неге шашып кетип калдың?

Жаныбек МЫРЗАИБРАИМОВ, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, Кара-Кулжа