ӨКМ: Кыш чыгаруучу жайда жумушчу станокко кыпчылып каза болду

Балыкчы шаарында жайгашкан кыш чыгаруучу цехте иштеген жумушчу станокко кыпчылып каза болду,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя 12-декабрда жүз берген. Маркум 1970-жылы туулган С.К., аттуу жаран болгон.

“Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Булак: Кабар