Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери болду

Парламент спикеринин орун басары болуп «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров шайланды.

Вице-спикерлик кызматка «Өнүгүү-Прогресс» Мирлан Бакировду, «Ата Мекен» Сайдулла Нышановду, «Республика – Ата Журт» Талант Мамытовду көрсөткөн.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 61 добуш менен Бакиров алдыга чыгып, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

6-декабрда мурдагы вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызмат ордун тапшырганын жарыялаган. Ал «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү.

Булак: Азаттык