Кыргызстан менен Өзбекстан чек арага соода аймагын ачууну пландап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арага соода аймагын ачуу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан КРдин экономика министри Артем Новиковго шилтеме берип жазып чыкты.

Анын айтымында, бул демилгени ишке ашыруу үчүн этап-этабы менен бардык тоскоолдуктарды жоюу керек. Мындан тышкары, министр Кыргызстанга бирдиктүү соода-логистикалык борборлорун куруу менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүнү сунуштады.

«Кыргызстан Өзбекстандын аймактык гана эмес, ЕАЭБдин алкагында дагы ишенимдүү өнөктөшү боло алат. Биздин ортобуздагы соода-экономикалык алака атаандаштыкты жаратпай, тескерисинче биргеликте үчүнчү өлкөлөрдүн рыногун багындырышы керек», — деди Новиков.

Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2016-жылы 167,5 миллион долларды түзсө, быйыл биринчи жарым жылдыкта эле 146,7 миллион долларга жеткен. Жакынкы эки жылдын ичинде соода жүгүртүү көлөмүн 500 миллион долларга жеткирүү пландалууда.

Булак: Спутник