Айылдын «тентектерин» жөнгө салган Мукалай Мойноков

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу»


Заман алмашып, батыштын таасири дейбизби айтор, айыл жериндеги бузулуп жаткан жаштардын көбөйүп жатышы коомду ойго салып, жарга такап отурат. Анын ичинде ата-энесине кол көтөрүп сабап өлтүргөндөр жана зордук-зомбулуктарды жасоо, мушташуу, мал уурдоо сыяктуу толгон-токой жорук-жосундардын күчөп турган чагы.

Мындай көрүнүштөрдүн келип чыгы-шын изилдеп отурбай, анын жолуна бөгөт коюп, кантип токтотуу керек деген ойдун үстүндө Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу  айылынын  тургуну  Мукалай Мойноков көп ирет толгонуп, ал кана эмес тарыхты казып окуган. Айыл өкмөттөрдө жаштар  уюму,  аялдар  кеңеши,  аксакалдар кеңеши, ӨЭУлар жана милиция да бар эмеспи. Бирок, алардын жасап жаткан иштеринин таасири жакшы болбогондуктан жогорудагы жоруктар токтобой эле күчөп келет.

2004-жылы Мукалай аба аймактарда “Коомдук кеңеш” түзүү идеясын көтөрүп чыгып, тиешелүү документтерин даярдап, уставын жазып, жогорку жакта отургандарга кайрылып, акыры колдоо тапкан. Өзү айткандай, ким акча берет, анан кыймылдайын дебей, жарандык позициясына бекем туруп, ишин баштаган.

– Тарыхта деле бар экен, – дейт Мукалай аба. – 8-9чу кылымдарда кыргыз эли биринчи каганат болуп уюшулганда, кыргыздын жарымы Кытайда, Манчжурияда, жарымы Алтайда калып, көбү чачылып, кырылып, өлүп отуруп, калганы өз мекенине көчүп келип, акырындык менен коомду түптөшкөн. Анан акырындык менен эл арасынан акылдуу, таасирлүү аксакалдары чыгып, акыл-кеңештерин айтып, коомду тескеп келишкен тура. Мындан 30-40 жыл мурун Нарында, Көлдө аксакалдар айылдын четиндеги дөңгө чогулуп отуруп алышып кеңешчү. Азыркы жарандык иштердин өзөгү ошолордун калдыктары десем жаңылбайм. Кийин 1930-жылдары коммунистер келип, ошондой түзүлүштөрдү жоюп салышкан.

Ишти жаңы баштаганда бул ишке кызыгып колдогон мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жок болуп, Мукалай аба оппозиционер ата-лып, куугунтукка учураган. “Коомдук кеңеш” 2010-жылы кайра түзүлгөн. Ошентип акырындык менен колдоого алына баштаган. Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев өзү колдоп, М.Мойноковдун элдин ынтымагын бекемдеп, коомдогу жат көрүнүштөрдү алдын-алуу, жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди биргелешип чечүү үчүн “коомдук кеңештерди” түзүү демилгесин жайылтууну колдоого алуу боюнча бардык айыл өкмөттөргө сунуштаган. Алгач Жети-Өгүз районунда Чоң-Кызыл-Суу айылында “коомдук кеңеш” тууралуу токтом  кабыл  алынып,  атайын  жобонун  негизинде айылдын ичинде бир катар иштер жасалган.

Мисалы, биринчи ишти ушакчы, тентек, кайдыгер, илээнди, аракеч, сойку жана башка атка конгон адамдардан башташкан. Коомдук кеңештин курамында  10дой  айылдын сакалдуу, кадырлуу адам-дарын чогултуп алып, ай-рым үйгө барып: “ай, үйүңдүн алдын шыпыр, таштандыңды жыйна” деген сыяктуу жөнөкөй сөз менен ыгын таап, кепке тартып, акырын уяткарышкан. Дагы бир мисал – бир айылда 2 адам мыйзамсыз арак сатуу менен алектенет экен, алардын үйүнө барып, “сен жаш бал-дарды азгырып, аркечтикке түртүп жатасың, бул ишиң туура эмес, жашыруун арак сатпа” деп, эскертип тыя алышкан. Ушундай жол менен айылдагы бир катар адамдарды тартип-ке салышкан. Ал эми мыйзамдуу дүкөндөргө барып, жашы жете электерге арак-тамеки сатпа, мунун аягы жаман болот, пиво, арак ичкен жаштар көбөйүп бара жатат айылда деп, акырын жөнгө салып, тартипке чакырып келишет. Баш ийбегендерин ортого са-лып аксакалдарды чакырып жай сүйлөшүп, себебин иликтеп, жөнтөк бол деп жолго салып келишет.

“Азыр соттошкондор көп, кайсы соттун имаратына барба кезек күтүп, адилеттик издеп жүрүшөт. Арасында бир тууганы менен бир тууганы соттошуп, энеси менен баласы үй талашып соттошуп, аялдар күйөөм сабады деп соттошуп жүрүшөт. Мисалы, айрым иштерди сотко жеткирбей, тескеп алса деле болот экен. Эки бир тууганды жараштырып, ортого салып элдештирип, аялын сабаганды уяткарып, ак-караны таанытып койсо, көп иштер милиция менен сотко жетпей чечилип калар эле. Ар бир айылдын бирден уурусу, аракечи болот. Булар өз ара биригип алышат экен. Аларга жалгыз киши барып айта албайт. Ошон үчүн көп киши чогулуп алып барса, жыйынтыгы болот. Мына азыр Жети-Өгүз районунун айылдарында бул иш жакшы жолго коюлуп, ар бир айылдан 10дой киши иргелишип чогулуп алып иштеп жатышат.

Ал эми таптакыр баш бербегендерге  бир  жолу  эскертүү  берип, түшүндүрүп, бирок жыйынтыгы болбосо, акскалдар сотуна кайрылып, ишти андан ары мыйзам жолунда чечүүгө жиберсе болот”, – дейт М.Мойноков.

Депутат келип чечет, деген түшүнүк киргенден бери, айылдагы элдер депутаттардан талап кылып, эгер алар айтканын аткарбаса, соттошкон учур болбоптур. Мына ушул маселени дагы колго алып, эгерде депутаттар ишин аткарбаса, сотко берип талап кылууну дагы баштайлы деп турушат. Өкмөттүк  эмес  уюмдардай  болуп  грант күтүп отура бербей, бул ишибиз мамлекеттик деңгээлде колдоого алынса, бир айылга 5тен адамды шайлап, аларды бириктирсе болот.

–  “Коомдук  кеңешке”  мүчө  болууга  таасирдүү  адамдар  бар.  Арасында билимдүүсү, алысты көрө билген калыс сүйлөгөн, айыл эли кадырлаган аталарыбыз, апаларыбыз көп эле экен. Жакындан бери башка коңшу айылдардан, башка райондордон келип, ишибизди көрүп жатышат. Буюрса, бул ишибиз башка облустарындагы айылдарга дагы тарайт. Болгону элдин колдоосу гана керек, – дейт М. Мойноков.